Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 31-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

01-11-2022
16:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 31-октябрындагы

“Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (2022-жылдын 29-сентябрындагы кир. № 6-19315/22) төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзамынын долбоорунун концепциясы  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын мартында, Талас, Бишкек, Нарын шаарларында 2010-жылдын апрелинде, Ош шарында Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнунда жана Баткен областынын 2021-жылдын 28-30апрелинде болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган.

2. Билдирилген концепцияга Мыйзам долбоорунун мазмунунун шайкештиги:

жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында кошумча социалдык жөлөкпул 37 (3700 сом) эсептик көрсөткүчтөн 55 көрсөткүчтүн (5500 сом) өлчөмүнө чейин жогорулатуу сунушталат;

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18 -мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-талап кылынбайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 11-октябрындагы кир. № 6-20348/22) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 13-октябрындагы кир.№6-20518/22) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар, эгерде алар бар болсо:

-жок.

7. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча сунуштар, алар өткөрүлгөн учурда:

- жок.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Мыйзам долбоору 2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык комитетинде жактырылды (корутунду 2022-жылдын 25-октябры № 6-21365/22).

9. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири

-жок.

10. Комитеттин сунуштары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1) “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке сунушталсын;

2) “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине тапшырылсын;

3) Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                   В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.