Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 31-октябрындагы
“Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 30-майындагы кир. № 6-10640/22) жана “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы № 540-VII токтомун карап чыгып, Мыйзамдын долбоору инвентаризация өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айрым ченемдерин конкреттештирүү максатында техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренеге ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын;
2) “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын;
3) Бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.