Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда карады

31-10-2022
13:29

Бүгүн,  31-октябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карама-каршылыктарды четтетүү жана жамааттык сүйлөшүүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүүнүн алкагында кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда (алардын өкүлдөрүнүн ортосунда) мамилелерди укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды толтуруу.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

Жыйынтыгында Комитеттин мүчөлөрү Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда  жактырып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберди.