Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карады

31-10-2022
17:12

Бүгүн, 31-октябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жактырды

Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы 2002-жылдын мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрелинде Талас, Бишкек, Нарын шаарларында, 2010-жылдын июнунда Ош, Жалал-Абад облустарында, Ош шаарында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда каргашалуу окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган.

Жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында кошумча социалдык жөлөкпул 37 (3700 сом) эсептик көрсөткүчтөн 55 көрсөткүчтүн (5500 сом) өлчөмүнө чейин жогорулатууну сунушталат.

Аталган Мыйзам долбоору кеңири талкууланып, жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы комитет мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди.