Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө” токтомунун аткарылышын карады

24-10-2022
19:57

Бүгүн, 24-октябрда Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө” токтомунун аткарылышын  карап чыкты. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору даярдап Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Токтом долбоорунда Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесин иштеп чыгууга министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринен жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган ведомство аралык комиссия түзүү, калктуу конуштардын Тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке кароосуна макулдашуу үчүн киргизүү тапшырмалары берилген.