Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда карады

24-10-2022
16:53

Бүгүн, 24-октябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы инновациялык ишти жүзөгө ашыруу, инновацияларды коммерциялаштыруу жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жагымдуу социалдык-экономикалык, уюштуруу жана укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Р. Т. Керимбаева баяндама жасады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы комитет мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди.