Бүгүн, 24-октябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Патент мыйзамы” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы аны актуалдаштыруу, жаңылоо жана аны Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна толугу менен шайкеш келүүсүн камсыздоо, ошондой эле тексттин тактыгынын жана ырааттуулугунун жалпы деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Р. Т. Керимбаева баяндама жасады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы комитет мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди.