2022-жылдын 12-сентябрында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карады.
Бул мыйзам долбоору жумушту аралыкта аткарган кызматкерлердин эмгегин укуктук жөнгө салууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жаңы “Аралыкта иштөө” түшүнүгү киргизилүүдө, ошондой эле Мыйзам долбоору менен киргизилип жаткан ченемдерге ылайык кызматкер жана иш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими күбөлөндүрүлгөн электрондук кол тамга коюу менен электрондук документ алмашуу түрүндө түзүлүшү мүмкүн. Электрондук эмгек келишимин түзүү расмий эмгек мамилелерин ыкчам жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Комитеттин мүчөлөрү Мыйзам долбоорун талкуулап, жактырышты жана аны экинчи окууда кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушташты.