Түз
эфир
12-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбоорун карап чыкты.
Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү үчүн мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле качкындар жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы Комитеттин мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылып, аталган Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө Комитеттин корутундусу кабыл алынды.