Түз
эфир
12-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыкты.
Мыйзам долбоорунун концепциясы аны Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишин оптималдаштыруу максатында өздүк курам боюнча документтердин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүү максатында иштелип чыккан.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы Комитеттин мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды.