Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун каралды

12-09-2022
17:55

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору бизнес коомчулуктан жана мамлекеттик органдардан, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун эксперттеринен келип түшкөн сунуштардын негизинде иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Гүлкан Молдобекова Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери кандай сунуш бергенине кызыкты.

Бирок баяндамачы суроого жооп бере алган жок.

Ошондой эле депутат Жылдыз Садырбаева мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия эмне иш аткарарын тактады.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева мыйзам долбоорунда тактоочу жагдайлар арбын экенин айтып, кайрадан иштеп чыгууга чакырды.

Андан тышкары, депутат Аида Исатбек кызы менен Айбек Маткеримов Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмиль Кызаевге кайрылып, аталган мекеме эмгекчилердин укуктарын коргоо жаатында алгылыктуу кадам жасабай жатканын сынга алышты.

Талкуудан соң мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу сунушу колдоо тапты.