Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени талкуулады

12-09-2022
16:49

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев белгилегендей, долбоор мыйзам ченемдерин оптимизациялоо жана коомдун саясий-экономикалык турмушуна катышкан улгайган жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иштелип чыккан.

“2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 331,5 миң же өлкө калкынын 5 пайызын 65 жаш жана андан өткөн курактагы улгайган жарандар жашайт”, – деди министрдин орун басары.  

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов улгайган жарандардын билим алуусуна кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканына кызыкты. Өз кезегинде Нурдөөлөт Базарбаев заманбап технологияларды үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдер сөзсүз аткарылышы керектигин айтып, улгайган жарандардын коомдук жана мамлекеттик иштерге жигердүү аралашуусун камсыздоо жакшы демилге экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.