Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы «Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жана Ысык-Көл областынын аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтердин абалы жөнүндө» №3823-VI токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Эсенгул улуу Чынгыздын маалыматы угулду. Жыйынга тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун Ысык-Көл мамлекеттик райондук администрациясынын, райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Чолпон-Ата шаарынын мэри жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы, ошондой эле окумуштуу археологдор, көз карандысыз журналист изилдөөчүлөр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө республиканын аймагында археологиялык эстеликтердин бузулушуна жана жоголушуна алып келген тарыхый-археологиялык объекттерди коргоо жана пайдалануу жаатындагы маселелер айтылды. Ошондой эле аларды изилдөө, коргоо жана пайдалануу иштерине акча каражат жетишсиз экени белгиленди.
Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин директору К. Алымкожоева музейдин имараты 1929-жылы салынгандыгы, анын авариялык абалы ичинде жайгашкан экспонаттарга коркунуч туудуруп жатканы жана музейдин имараты 14 сотка жери менен Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын балансынан музейдин балансына өткөрүү маселеси чечилбей келе жаткандыгын маалымдады.
Жыйынтыгында Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 3823-VI токтомунун аткарылышы жетишээрлик эмес жана Кыргыз Республикасындагы тарыхый-археологиялык объектилерин абалы жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын деген чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тарыхый-археологиялык объекттерди коргоо жана пайдалануу жаатында мыйзамдардын бузулушун текшерип чыгуу тапшырылды.
Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын текшерүүлөрүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.