Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруа комитеттин корутундусу

27-10-2016
08:52

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

“Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн  республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген, “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудитин (2016-жылдын 30 августу, кир. № 6-20781/16) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Каржылоо операцияларына байланыштуу акча каражаттарынын агымы” бөлүмү боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды эсепке алуу менен  жана атайын каражаттар, тышкы гранттар жана МИП насыялары эсепке алынбастан, 2015-жылга республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 112 862,5 млн. сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу, республикалык бюджеттин жалпы  чыгымдары 10 825,8 млн. сомго, же 10,6 %га көбөйгөн.

2015-жылга Кыргыз Республикасынын (атайын каражаттарды, тышкы гранттарды жана МИП насыяларын эсепке алуу менен) республикалык бюджетинин жыйынды чыгымдары (финансылык эмес активдерди сатып алуу боюнча чыгымдар жана күндөлүк чыгымдар) 131 836,1 млн. сом суммасындагы такталган пландан 120 427,2 млн. сомду, же  91,3 %ды түзгөн.  ИДП көлөмүнө карата мамлекеттик бюджеттин жыйынды чыгымдары   28,4 %ды түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 13 027,1 млн. сомго, же 12,1 %га көбөйгөн.

 2015-жылга Кыргыз Республикасынын (атайын каражаттарды, тышкы гранттарды жана МИП насыяларын эсепке албастан) республикалык бюджетинин жыйынды чыгымдары 102 341,5 млн. сом суммасындагы такталган пландан 99 198,6 млн. сомду түзгөн,  же  96,9  %га аткарылган. ИДП көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары  23,4 %дык пунктту түзгөн.  2015-жылы республикалык бюджеттин чыгымдарынын абсолюттуу өсүүсү 12 408,8  млн. сомду, же 14,3  %ды түзгөн.

  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2015-жылга бюджет боюнча контролдук цифраларга карата бул социалдык сектордогу министрликтер менен ведомстволордун негизделген эсептөөлөрү жана тиешелүү тастыкталган документтери жок. Министрликтер жана ведомстволор берген тармактык стратегиялардын параметрлери эсепке алынбайт. Жыл сайынкы бюджетти даярдоодо, министрликтер менен ведомстволордун орто мөөнөттүү бюджеттеринин индикаторлорунун маалыматтары колдонулбайт, индикаторлорго мониторинг жана талдоо жүргүзүлбөйт.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.05.2015-жылдагы № 281 “2015-жылга Кыргыз Республикасынын билим берүүнү бюджеттик каржылоонун стандарттарынын (коммуналдык кызматтардан сырткары) шкаласын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо, бекитилген стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү керек, бирок, факты жүзүндөгү  жүргүзүлгөн каржылоо стандартка туура келбейт.  

  2015-жылга Финансы министрлиги берген маалыматтар боюнча, стандарт боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын керектөөсү 11 980 495,4 миң сомду түзгөн.  Жылдын башында чыгымдардын бекитилген суммасы 10 512 032,6  миң сомду түзгөн, же 87,7 %, бул болсо, каралгандан 1 468 462,8 миң сомго аз жана такталган бюджет 12 055 511,1 миң сомду түзгөн. 

         Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча аудит тарабынан төмөндөгүлөр аныкталган.

         Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөө боюнча каражаттардын ичинен, жеткирүү боюнча «Кыргызпочтасы»  мамлекеттик ишканасынын жана банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча  жалпы 86418,3 миң сом пайдаланылган, же максатсыз багытта.

         Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги боюнча төмөндөгү корголгон беренелер боюнча жеткире каржылабоого жол берилген:  эмгек акы боюнча  - 688,1 миң сом, Соцфондго чегерүүлөр боюнча - 89,6 миң сом,  тамак-аш боюнча – 4731,8 миң сом, стипендиялар боюнча - 343,1 миң сом, бардыгы болуп  5852,6 миң сом. 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги боюнча төмөндөгү корголгон беренелер боюнча жеткире каржылабоо 3648,9 миң сомду түзгөн, анын ичинен: 2111 «Эмгек акы» - 2838,1 миң сом, 2121 «Соцфондго чегерүүлөр» - 627,3 миң сом, 2215 «Тамак-аш продуктыларын сатып алуу» - 183,5  миң сом.

         Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 2015-жылга жылдык отчёт (баланс, №2 форма) берилген эмес. 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мекемелери боюнча бардыгы болуп, 14367,5 миң сомго жеткире каржыланбаган, анын ичинен корголгон беренелер боюнча - 8347,8 миң сом.   

Коомдук телерадио берүү корпорациясы боюнча бекитилген сметадан ашык келип түшкөн  атайын каражаттар боюнча кирешелер 1236,8 миң сомду түзгөн, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.08.2000-жылдагы №531 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары” жөнүндө токтомго ылайык, республикалык бюджет  кирешесине чегерилүүгө тийиш.      

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомство алдындагы мекемелери боюнча, бюджетке  66 842,9 миң сом кайтарылган, анын ичинен корголгон беренелер боюнча  55165,5 миң сом, анын ичинен төмөндөгү беренелер боюнча: эмгек акы - 39342,8 миң сом,   Соцфондго чегерүүлөр - 9925,6 миң сом, тамак-аш - 5170,2 миң сом, стипендиялар - 726,9 миң сом. Мында, бардыгы болуп 174398,5 миң сомго жеткире каржыланбаган, анын ичинен чыгымдардын корголгон беренелери боюнча 83899,2 миң сом, анын ичинен төмөндөгү беренелер боюнча: эмгек акы - 41098,6 миң сом, Соцфондго чегерүүлөр - 32806,4 миң сом, стипендиялар - 674,2 миң сом, тамак-аш - 9263,0 миң сом, медикаменттер - 57,0 миң сом.

Б. Ельцин атындагы КРСУда 2015-жылга атайын эсепке келип түшкөн, билим берүү кызматтарына төлөнгөн 331772,3 миң сом суммасы Казыналыктын тутумунан сырткары эсептелген.

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин  ведомство алдындагы уюмдары тарабынан бюджетке 24542,8 миң сом кайтарылган, анын ичинен корголгон беренелер боюнча чыгымдар 4987,5 миң сомду түзгөн, анын ичинен: эмгек акы - 1624,6 миң сом, Соцфондго чегерүүлөр - 840,1 миң сом, медициналык товарларды жана медикаменттерди сатып алуу - 501,9 миң сом,  тамак-аш продуктыларын сатып алуу - 2020,9 миң сом.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 49665,5 миң сомго чыгымдар жеткире каржыланбаган, анын ичинен  21001,8 миң сомго  чыгымдардын корголгон беренелери боюнча, анын ичинен: эмгек акы  - 2025,7 миң сом,  Соцфондго чегерүүлөр - 2247,4 миң сом, тамак-аш продуктыларын сатып алуу - 3341,8 миң сом, бирдей сап менен каржыланган чыгымдар  - 13386,9 миң сом.

Бирдей төлөөчү тутуму (ММКФ) менен каржыланган Саламаттык сактоо уюмдары боюнча, такталган бюджет 1 025 941,2 миң сомго көбөйтүлгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин чечими боюнча чыгымдар 200294,8 миң сомго көбөйтүлгөн, анын ичинен 14 саламаттык сактоо мекемелеринин оңдоо иштерине - 103450,0 миң сом, жабдууларды сатып алууга - 96844,8 миң сом. Ошону менен бирге, ММКФнын ыйгарым укугуна имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдолушун каржылоого чыгымдар кирбейт.            

Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) боюнча бекитилген сметадан ашык кирешелер 158,2 миң сомду жана Коомдук телерадио берүү корпорациясы боюнча 1236,8 миң сомду, бардыгы болуп 1395,0 миң сомду түзгөн, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.08.2000-жылдагы №531 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары” жөнүндө токтомго ылайык, республикалык бюджет  кирешесине чегерилүүгө тийиш.       

Эмгек акы боюнча чыгымдарды пландоо жана каржылоодогу бузуулар жана жетишпестиктер  

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин борбордук аппараты боюнча штаттык жүгүртмөгө ылайык эмгек акы фонду 19016,9 миң сомду түзөт, факты жүзүндө 19063,7 миң сомго каржыланган, же ашыкча каржылоо 46,8 миң сомду түзгөн, ал  2016-жылдагы кийинки каржылоодо чегерилүүгө тийиш.   

Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдагы №18 Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомун бузуу менен, музей кызматкерлеринин кызматтык акылары бардыгы болуп 495,3 миң сомго жогорулатылган.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдагы №16 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө” жана 19.01.2011-жылдагы №18 Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомдорун бузуу менен, 54 мекеменин кызматкерлеринин эмгек акылары жалпы 12401,1 миң сомго жогорулатылган.     

Мамлекеттик кызматчылардын жана техникалык жактан тейлөөчү персоналдардын чектелген санынын түзүлүшүнө талдоо жүргүзүү 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.2011-жылдагы №473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтому менен, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүнүштөрдүн штаттык саны 1014 штаттык бирдикте белгиленген, факты жүзүндө аймактык бөлүнүштөрдө  1884,0 штаттык бирдик бар, же 46515,4 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен белгиленген штаттан 870 бирдикке    ашык.

Министрликтин борбордук аппаратында 95,7 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен  штаттан ашык 1 бирдик бар.

Берилген маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинде  долбоордук 870 орундуу майыптар жана карылар үчүн 6 үй интернаты бар. Келгендердин факты жүзүндөгү саны (орточо) 670 адам, же орунду ээлөө 77%ды түзгөн.

Аудит бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, Сокулук жана Төмөнкү-Серафимовка, Сузак жана Токтогул  үй интернаттарын бириктирүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

 Ошентип, 2 үй интернат боюнча кайрадан уюштуруу жана оптималдоонун натыйжасында, бюджет каражаттардын эсептик үнөмдөлүшү 11167,9 миң сомду түзөт. Бошогон имаратты региондордо абдан керектелүүчү мектепке чейинки балдар мекемеси катары пайдаланса болот.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүндө 20%дан ашырылган техникалык жана тейлөөчү персоналдардын саны, 1657,9 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен 12 бирдикти түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратында 187,1 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен  техникалык жана тейлөөчү персоналдардын штаттан ашык 2 бирдиги бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  22.08.2011-жылдагы №473 токтому менен, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратында 45 бирдик санында штаттык сан белгиленген. Бирок, борбордук аппараттагы штаттык жүгүртмө боюнча 47 штаттык бирдик эсептелген, 265,9 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен  штаттан ашык 2 бирдик бар.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  алдында 60 бирдик штаттык саны менен Улуттук маданий борбору иштейт.

 Улуттук маданий борбордун милдеттери жана функциялары, Министрликтин  тиешелүү бөлүнүштөрү аткарган функцияларга окшош. Алсак, Министрликтин түзүмүндө  маданий мурасты сактоо, өнүктүрүү жана  мониторинг жүргүзүү менен искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү башкармалыктары бар, ошондой эле Улуттук маданий борборунда эл чыгармачылыгын өнүктүрүү жана маданий эс алуу ишмердүүлүгү бөлүмү, өз демилгелүү чыгармачылыкты өнүктүрүү сектору бар.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ушул кезге чейин, министрликтердеги жана ведомстволордогу Капиталдык курулуш башкармалыктарын жоюуну белгиленген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   10.02.2012-жылдагы №87 “Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтому аткарылбайт.

Бирок, Улуттук маданий борбордо милдети  Министрликтин балансында турган имараттарды жана курулмаларды оңдоо жана абалдарын контролдоо болуп эсептелген, 241,3 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен,  2 бирдик сандагы техникалык камсыздоо бөлүмү бар.

 Аудит бюджет каражаттарды эсептик үнөмдөөнүн натыйжасында 3532,2 миң сомду түзгөн, Улуттук маданий борбордун чыгымдарын оптималдоо максатка ылайыктуу деп эсептейт.  

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү боюнча  техникалык жана тейлөөчү персоналдардын белгиленген штаттан ашык  саны, 1108,0 миң сом эмгек акынын жылдык фондусу менен 17,5  бирдикти түзгөн.

         2015-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош областтык санитардык машиналардын авто базасын кармоого, 6237,4 миң сом бюджеттик каражаттар чыгымдалган.   

            Учурда саламаттык сактоо мекемелери биринчи медициналык-санитардык жардамдын ченемдери боюнча каржыланаарын эске алуу менен, аудит жогоруда көрсөтүлгөн мекемени бюджеттик каражаттардын эсебинен кармоо максатка ылайыксыз деп эсептейт.   

           2015-жылы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын борборлоштурулган бухгалтериясын кармоого, 828,7 миң сом бюджеттик каражаттар чыгымдалган. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы  дарылоо учуру боюнча бюджеттен каржыланаарын  жана Бирдиктүү төлөөчү тутуму (ММКФ) аркылуу каржыланаарын белгилей кетүү керек, аудит  Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын борборлоштурулган бухгалтериясын бюджеттик каражаттардын эсебинен өзүнчө  кармоо максатка ылайыксыз деп эсептейт. 

         2015-жылга жогорку жана орто окуу жайларынын, колледждердин жана лицейлердин чыгымдар сметалары, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен,  иштелип чыккан окуу жайларын каржылоонун стандарттарынын (ченемдеринин) жана каржылоо механизмдеринин жоктугуна  байланыштуу, бюджеттик жана контракттык негизде окуган окуучулардын контингенти боюнча тиешелүү эсептөөлөрсүз түзүлгөн. Натыйжада, контракттык негизде окуган окуучуларды окутуу боюнча чыгымдар, эсептик маалыматтар боюнча 91563,1 миң сомго бюджеттик каражаттар менен төлөнгөн. 

Алсак, каржылоо механизмдери, критерийлери жана стандарттары жок туруп, 1 окуучуга карата чыгымдар төмөндөгүлөрдө бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн: Ош соода-экономикалык колледжинде - 19,3 миң сом, Көлбаев атындагы  Бишкек автомобиль-жол колледжинде  -   40,9 миң сом, Нарын медициналык колледжинде - 45,3 миң сом, Кара-Балта медициналык колледжинде - 20,0 миң сом ж.б.

         Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги тарабынан кесиптик-техникалык лицейлерде каржылоо стандарттары (ченемдери) иштелип чыккан эмес, натыйжада бюджеттик каражаттардын эсебинен,  лицей боюнча бир окуучуга карата чыгымдар ар кандай көрсөткүчтөрдү түзгөн.

Алсак,  №10 кесиптик-техникалык лицейде бир окуучуга карата чыгымдар 24,9 миң сомду, №26 кесиптик-техникалык лицейде - 78,4 миң сомду түзгөн. 

        Лицейлердин жана гимназиялардын тарификациялык тизмесин жана штаттык жүгүртмөлөрүн түзүүдө, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  21.07.2014-жылдагы №403 токтому менен бекитилген милдеттердин ченемдери сакталган эмес.

“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бөлүнгөн акча каражаттары бюджеттин чыгымдар бөлүгүндө көрсөтүлөт.   

         Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарын жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо боюнча мамлекеттин милдеттерин каржылоо үчүн,  жылдык керектөө суммасынан 95% өлчөмүндө пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жана пенсияларга карата үстөк акыларды жана компенсацияларды төлөө боюнча, 2015-жылы бюджетте 16547,7 млн. сом каралган,  көрсөтүлгөн максаттарга  2015-жылы такталган сумма 16349,6 млн. сомду түзгөн, же 198,1  млн. сомго азайтылган.

         Бирок, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен, 16547,7 млн. сом керектөө суммасын тастыктоочу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептөөлөрү жок.

         Борбордук казыналыкта Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун каржылоо боюнча чыгымдар операциясы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик реестринин негизинде жүргүзүлөт, ал жерде каражаттарды алуучунун аталышы, насыя суммасы жана эсеп кайсы банкта ачылгандыгын көрсөтүү менен, алуучунун эсебинин номери, ошондой эле бөлүнгөн акча каражаттары боюнча бюджеттик тапшырмалардын реестри көрсөтүлгөн, ал жерде пенсиялардын, компенсациялардын кошуп төлөөлөрдүн тизмеси берилген. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилген акча каражаттары боюнча бюджеттик тапшырмалардын реестринде, пенсиялардын, компенсациялардын кошуп төлөөлөрдүн ар бир түрү боюнча алуучулардын саны жок.

         Бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алыш-бериш эсептерине келип түшкөн учурдан баштап, коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бөлүнгөн, багыттоолор боюнча бюджеттик каражаттардын андан ары пайдаланылышына Борбордук казыналык тарабынан финансылык контролдоо автоматтык түрдө токтойт.  

         Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен, Казыналык тарабынан Социалдык фондуну  2711 «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул” беренеси боюнча чыгымдарды каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттик каражаттардын пайдаланылышындагы ачыктык жана айкындык камсыздалган эмес.

         Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2015-жылга 2711 «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар»  беренеси боюнча  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдарын  төлөөгө 16349,6 млн. сом каржыланган, анын ичинде: «Айыл-Банк»  ААКсындагы  алыш-бериш эсебине -  3935,0 млн. сом жана   «РСК Банк» ААКсындагы алыш-бериш эсебине -  12414,6 млн. сом, же “Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен, төлөм операциялары банк-агенттерден кыйгап өтүү менен жүргүзүлгөн (эсептер Казыналык эмес, Соцфонд тарабынан ачылган).

         “Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Топтолгон фондуга тиешеси бар, бирок Казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу өтпөгөн өзгөчө мүнөздөгү операциялар Финансы министрлигиндеги Казыналыктын Борбордук Башкармасы тарабынан түздөн-түз көзөмөлдөнүп турушу жана эске алынышы тийиш. Мындай операцияларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата Улуттук банктын доолоруна,  ички жана тышкы карыздарга тиешелүү операциялар кирет.

         2711 «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар» беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгымдарын факты жүзүндө багытталышынын натыйжасында,  бул чыгымдар түз чыгымдарга эч кандай кирбейт, же “Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген түз чыгымдар тизмесинде чыгымдардын бул түрү жок.

         Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин  чыгымдары, Борбордук казыналыктын түз чыгымдарына  негизсиз киргизилген.

         Аудиттин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик каражаттарын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, «Айыл-Банк»  ААКсындагы № 1350108023452737  алыш-бериш эсебиндеги 3935,0 млн. сом жана «РСК Банк» ААКсындагы   № 1299004140030141 алыш-бериш эсебиндеги 12414,6 млн.сом суммасындагы бюджеттен каржыланган бюджеттик каражаттардын чыгымдарына талдоо жүргүзүлгөн.

         Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтары боюнча, бюджеттин пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы  01.01.2015-жылга карата  205,6 млн. сомду түзгөн, 2015-жылы 16349,6 млн. сом каржыланган. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын ичинен пенсияларды төлөө боюнча милдеттеме 2015-жылга 16188,0 млн. сомду түзгөн, факты жүзүндө төлөө 16001,9 миң сомду түзгөн. 

         Пенсияларды, компенсацияларды жана пенсияларга карата кошуп төлөөлөрдү төлөөгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын ичинен, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан, жеткирүү боюнча «Кыргызпочтасы»  мамлекеттик ишканасына жана банктын кызматтарына төлөөгө  161,6 млн. сом чыгымдалган, бул болсо, максатсыз пайдаланылган чыгымдар болуп эсептелет.

         Аудит көрсөткөндөй, «Айыл-Банк» ААКсындагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсебине которулган бюджеттик каражаттар, 2015-жылга бекитилген бюджетте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун керектөө өлчөмүн ашыкча белгилөөдөн улам,  «Айыл-Банк»  ААКсында ири өлчөмдө болгон.  Республикалык бюджеттин каражаттарынын ичинен төлөөгө тиешелүү болгон пенсияларды, компенсацияларды жана кошуп төлөөлөрдү төлөө боюнча, 2015-жылга милдеттемелер толук аткарылгандан кийин, «Айыл-Банк»  ААКсындагы   №1350108023452737 алыш-бериш эсебиндеги пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыгы 01.01.2016-жылга карата  391,8 млн. сомду түзгөн, ал аудиттин жүрүшүндө бюджетке чегерилген.

         01.01.2016-жылга карата пенсиялардын, компенсациялардын бардык түрү төлөнгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 3 эсептеги пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыгы 2066,8 млн. сомду түзгөн.

         Ошол эле учурда, 01.01.2016-жылга карата  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарына (2066,8 млн. сомдон сырткары) ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы   2390,5 млн. сом суммасындагы жеке акча каражаттары Кыргыз Республикасынын 9 коммерциялык банктарындагы депозиттик эсептерге берилген, анын ичинен:   

-  «Оптима Банк» ААКсы - 100,0 млн. сом;

-  «Доскредобанк» ААКсы - 71,4 млн. сом;

-  «ФИНКАбанк» ЖАКы - 620,0 млн. сом;

-  «Банк Азия» ЖАКы -180,0 млн. сом;

-  «Евроазиялык Аманат  Банкы» ААКсы -70,0 млн. сом;

-  АКБ «Толубай» ЖАКы - 67,0 млн. сом;

-  «РСК Банк» ААКсы - 397,6 млн. сом;

-  «Айыл Банк» ААКсы -394,8 млн. сом;

-  «Коммерциялык банк - КЫРГЫЗСТАН» ААКсы -  494,7  млн. сом. 

Максаттуу багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына карата КРФМ  Борбордук казыналыгы тарабынан контролдоону жүргүзүү максатында,  банк-агенттер аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун тейлөө үчүн, Казыналыктын тутумунда бюджеттик эсеп ачуу керектигин аудит белгилейт.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, пенсияларды, компенсацияларды жана пенсияларга карата кошуп төлөөлөрдү төлөөгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өзүнүн эркин жеке (резервдеги) акча каражаттарын эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бөлүнгөн акча каражаттарын, 2017-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө пландоо маселесин кароону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демилгелеши керек. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

  1. “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма эскертүүсүн эске алып кемчиликтерди жою боюнча чараларды көрсүн.
  3. Комитеттин бул корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                              Т. Икрамов