2021-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Самигуллина Альфия Элдаровнанын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде тегерек стол болуп өтүп, анда жугуштуу эмес оорулардын булактарынан зыянды төмөндөтүү Концепциясынын долбоору сунушталды.
Зыянды төмөндөтүү концепциялары тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, тең салмактуу эмес тамактануу жана алардан келип чыккан оорулардан ден-соолукка коркунучтарды азайтуунун глобалдуу кабыл алынган ыкмасы.
Депутат А. Э. Самигуллина өз сөзүндө Концепциянын долбоору “Зыянды төмөндөтүү жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдө жана алдын алууда жаңы жана эффективдүү ыкма болуп калат, анткени концепция ар бир кыргызстандыктын ден соолукка жана эркин тандоого болгон негизги адам укутарына негизделген” - деп белгиледи.
Ошондой эле коронавирустан каза болгондор биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети менен байланыштуу экендиги белгиленди.
Учурдагы статистика боюнча, адамдын абалынын 10% гана медицина тарабынан жөнгө салынат, 20% генетика, дагы 20% экология менен байланыштуу, ал эми 50% жашоо образынан көз каранды.
Ушуга байланыштуу, жаман адаттардан толугу менен баш тарткысы келбегендер үчүн, зыянды максималдуу кыскартуу принциптерине негизделген методологияны колдонуу сунушталууда. Узак мөөнөттүү келечекте зыянды төмөндөтүү инфекциялык эмес оорулардын факторлорун кыскартууга, ошондой эле калктын өмүрүнүн узактыгын жогорулатууга багытталган коомдук саламаттыкты сактоо максаттарына жооп берген, ылайыктуу шарттарды түзөт
Тегерек столдун соңунда иш-чаранын катышуучулары – депутаттар, медицина, билим берүү уюмдарынын, бейөкмөт сектордун, мамлекеттик органдардын ичинен илимий жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү резолюцияга кол коюшту. Резолюцияга кол кою менен жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларга каршы натыйжалуу күрөшүү максатында республикада зыянды төмөндөтүү концепциясын жайылтууда күч-аракетин бириктирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Аталган маселе 2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралган.
Отурумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында Концепцияны ишке ашыруунун негизги чаралары белгиленип, аталган тармакты тейлеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле илимий-медициналык жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топту түзүү боюнча Комитеттин тиешелүү чечими кабыл алынды.
Долбоор
ЖУГУШТУУ ЭМЕС ООРУЛАРДЫН БУЛАКТАРЫНАН
ЗЫЯНДЫ ТӨМӨНДӨТҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Жалпы бөлүк
2. Жугуштуу эмес оорулардын булактарынан зыянды төмөндөтүү концепциясынын максаттары жана милдеттери
ЖЭО ЗТКнын максаты:
ЖЭО ЗТКнын милдеттери:
3. Жугуштуу эмес оорулар менен болгон жагдай
Ошондой эле өнөкөт оорулар катары таанымал болгон жугуштуу эмес оорулар адамдан адамга өтпөйт. Бул өнөкөт оорулар, эреже катары, жай өсүүчү оору болуп саналат. БДСУнун маалыматтарына ылайык, ар жылы жугуштуу эмес оорулардан (ЖЭО) 41 миллион адам каза болот, бул болсо дүйнө зжүзү бюнча каза болгондордун 71%ын түзөт. «Мөөнөтүнөн мурда» каза болгондордун 85%ынан көбү кирешеси орточо жана төмөн деӊгээлде болгон өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет. ЖЭОдон каза болгондордун түүзүлүшүндө көбүрөөк үлүш жүрөк-кан тамыр ооруларына (ар жыл сайын 17,9 миллион адам каза болот) туура келет, андан кийинки орунда рак оорулары (9 миллион учур), репиратордук оорулар (3,9 миллион учур) жана диабет (1,6 миллион учур) оорулары турат. ООрулардын бул төрт тобуна ЖЭОдон каза болгондордун 80%ы туура келет. Өнөкөт жугуштуу эмес орунун болушу COVID-19 ири пандемиясынын шартында клиникалык оор кырдаалдар жана өлүм менен болгон жагдайды татаалдаштырып жиберди. БДСУнун статистикасы көрсөткөндөй, 2020-2021-жылдарыөнөкөт оорулары болгон адамдардын көпчүлүгү COVID-19 дан каза болгон.
ЖЭОнун жүгү кирешеси төмөн жана орточо деӊгээлде болгон өлкөлөрдө диспропорционалдуу бийик, буларга бүткүл дүйнө жүзү бонча ЖЭОдон каза болуулардын төрттөн үчү (32 миллион) туура келет. ЖЭО, негизинен, тобокелдиктин аракеттеринин төрт фактору менен чакырылат, алар экономикалык кайра түзүлүүлөрдү, тез урбанизицияны жана 21-кылымдагы жашоо образын: тамекини колдонууну, тамактануунун туура эмес режимин, дене бойлук жетишсиз жигердүүлүктү жана алкоголду ашыкча пайдаланууну коштоп турат. ЖЭОнун жайылышы эпидемия масштабына жетти, бирок тобокелдик факторун төмөндөтүү, оору жаӊы башталган баскычында диагноздоо жана өз учурунда дарылоо аркылуу оорунун деӊгээли олуттуу азайышы мүмкүн, бул миллиондогон өмүрлөрдү сактап калууга жана ири азап чегүүлөрдөн алыс болууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүк учурларда ЖЭОнун алдын алууга болот жана тобокелдиктин жалпы фактору, кийлигишүү үчүн тереӊ детерминанттар жана мүмкүнчүлүктөр (ЖЭОнун детерминанттары жана жоопкерчилик чөйрөлөрү1) менен байланышкан.
Жугуштуу эмес оорулар адам баласында узак убакыт жана дээрлик байкалбастан өсө бергендиги жана ал өнөкөт оорунун категориясына өтүп жаткан баскычында гана сездирери ЖЭОго каршы күрөшүүдө татаалдыкты жаратат. ЖЭОну өнөкөт баскычына өтүп жатканда дарылоо боюнча саламаттыкты сактоо тутумунун кызмат көрсөтүүсүнүн наркы өтө жогору болуп саналат, жана болжолдор боюнча, ал мындан да өсө берет. Өзүнчө адамдардын, үй-бүлөлөрдүн, ишканалардын, өкмөттүк түзүлүштөрдүн жана саламаттыкты сактоо тутумдарынын олуттуу чыгымдары макроэкономикалык көпчүлүк көрсөткүчтөргө таасир этет. Жүрөк оорусу, инсульт жана диабет жыл сайын дүйнөдөгү калкы көп көпчүлүк өлкөлөрдүн улуттук кирешесинин көп миллиарддуу азайышынын себептери болуп саналат. ЖЭОнун 10%га жайылтылышынын көбөйүшү жылдык экономикалык өнүгүүнү 0,5%га төмөндөтүүгө алып келерлигин экономикалык талдоо күбөлөндүрүп турат. ЖЭОнун социалдык-экономикалык кесепеттери Бириккен Улуттар Уюму (ЦТР) тарабынан коюлган Өнүгүү жаатындагы миӊ жылдыктын максаттарына жетүүгө терс таасир тийгизет. Социалдык чөйрөдөгү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү билим алуу жана жакырчылыкка каршы күрөшүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ЦТРдин жетишкендиктери ЖЭОнун өсүп жаткан эпидемиясынан жана аны менен байланышкан тобокелдик факторлорунан улам тоскоолдуктарга учурап жатат.
Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес оорулар боюнча кырдаал
Тамеки тартуу, тузду, алкоголду пайдалануу сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторун контролдоо боюнча жетишсиз чаралардын натыйжасында, гиподинамия жана алардын калк арасында жайылыш деӊгээли жогору бойдон калууда. Жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун Эпидемия көзөмөлүнүн баалоосунун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда 25-64 жаш курактагылардын 26%ы, өспүрүмдөрдүн (13-15 жаш) 2,4%ы күн сайын тамеки тартышат.
25-64 жаш курактагы кыргызстандыктардын 11,4%ы орточо интенсивдеги дене бойлук жигердүүлүккө жумасына болгону 150дөн азыраак мүнөт бөлүшөт. Дене байлук жигердүүлүк аларда иши менен байланышкан жана 3,7%ы гана ден соолукту чыӊдоочу жүктөр менен алектенет. Кыргызстандын калкы тузду колдонуу боюнча дүйнө жүзүндөгү башка калктардан ашып кетет, 180 өлкөнүн ичинен рейтингде 4 орунда турат (Powles, 2013 год). Кыргыз Республикасында 44,8% эркек жана 17,7% аял жок дегенде бир айда 1 жолу арак ичет (БДСУ, 2016 -жыл).
ЖЭОнун натыйжасында мезгилинен эрте каза болуу, оору жана майып болуусусоциалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизет. Дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндөгүдөй эле, Кыргызстанда ЖЭО саламаттыкты сактоого чыгымдардын, социалдык колдоого жана камсыздоого сарптоолордун кескин көбөйүшүнө, ошондой эле адамдын мектепте жана жумуш ордунда жок болушу менен байланышкан жүктүн өсүшүнө түрткү болот, анын натыйжасында эмгектин өндүрүмдүүлүгү төмөндөп, кадрлардын улам алмашышына алып келет.
Баалоолор боюнча, негизги 4 ЖЭОну: рак, жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКО), диабет жана өнөкөт респиратордук ооруларды дарылоого 2015-жылы өкмөт 3,7 млрд. сом короткон. Жалпысынан, Кыргызстандын экономикасы үчүн ЖЭО менен байланышкан кезектеги экономикалык кесепеттер жылына 17.1 млрд. сомду түзөт, бул өлкөнүн жылдык ИДӨсүнүн 3,9%ына эквиваленттүү. Жогоруда аталган ЖЭОлордун өөрчүү тобокелдигинин негизги факторлору болуп тамеки тартуу, алкоголду ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана дене бойлук жигердүүлүктү жоктугу саналат.
Өлкөнүн өсүп жакан калкы (азыркы учурда 6 млн. адамдан 2050-жылга 7-9 млн.га чейин өсүшү болжолдонот), калктын карышынын тенденциясы, ЖЭО тобокелдик факторунун жайылышынын өсүшү тиешелүү алдын алуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын күбөлөндүрүп турат. Өлкөнүн ар бир үчүнчү тургуну15 жаш курагынан жаш экендигин эске алсак, оорулардын алдын алуу чараларына инвестициялоо жана ден соолукту чыӊдоо келечек эмгек ресурстарына картаӊ куракта мыкты жашоо сапатын камсыз кылууга оӊ таасир этет.
Алдын алууга багытталган чараларга, салыштырмалуу, чыгым аз жана рентабелдүү, бул чараларды жүзөгө ашыруусаламаттыкты сактоо секторунун чегинен сыртка чыгышы жана башка дагы кызыкдар тараптарды тартуу менен өтүшү керек2.
4. ЖЭОдон тобокелдик факторунун таасирин төмөндөтүү боюнча мамилелердин негиздемеси
Зыянды төмөндөтүү концепциясы тарабынан БДСУнун алгылыктуу тизмесинен ЖЭО булактары – алкоголду ашыкча ичүү, тамеки тартуу, тамактануу, дене бойлук жигердүүлүктүн төмөндүгү камтылган. Аны менен бирге, Кыргызстандын өзгөчөлүгүн эске алып, Борбордук Азия үчүн мүнөздүү болгон ЖЭО булагы – баӊги заттарын пайдалануу дагы каралып жатат.
Медицина институтунан саламаттыкты сактоонун кызмат көрсөтүүсүнүн континуум модели (IOM) негизги төрт элементи камтып турат: (1) сейрек жашоо образын пропагандалоону (promotion); (2) профилактиканы (универсалдык, тандамал жана индикативдик); (3) дарылоо (ооруну диагностоо жана стандарттык дарылоо); жана (4) колдоо (өнөкөт ооруларды көзөмөлдөө жана дарылоо, реабилитация, рецидивдердин, кабылдоонун, майыптуулуктун, өлүмдүн алдын алуу).
Тобокелдик факторлорунун таасирин төмөндөтүү концепциясы аларды колдонуу бир нече терс жагдайлар, анын ичинде парентералдык инфекцияларды жуктуруп алуу (В жана С вирустук гепатит, ВИЧ), дозадан ашык колдонуу, криминалдык аракеттер менен коштолгон баӊги заттардан көз каранды адамдар менен иштөөдө биринчи жолу кенен жактырылды. Тобокелдик факторунун таасирин төмөндөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр колдоого кирет, тактап айтканда, саламаттыкты сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн континуумунун төртүнчү компоненти алардын дене бойлук же психикалык көз карандылыгынан улам тобокелдик факторунан айыга (кутула) албаган адамдарды камтып турат, ал көз карандуулуктун айрымдары оору катары классификацияланган (мисалы, баӊги затынан же алкоголдон көз карандуулук).
Тобокелдик факторлорунан толугу менен баш тартуу мыкты альтернатива болуп саналат, бирок реалдуулук ушундай – тилекке каршы, бул мүмкүн эмес.
Тобокелдик фактолорун төмөндөтүү концепциясы өзүлөрүнүн жашоо образын өзгөртүүнү пландабаган коомдун категориясына багытталгандыгы көрүнүп турат. Тактап айтканда, зыянды төмөндөтүү боюнча чаралардын максаттуу тобу болуп тобокелдик факторун өз алдынча же башкалардын жардамы менен толугу менен жоюуга жөндөмсүз адамдар саналат. Адамга өзүнүн ден соолугу керек болуп, бирок ал тамекини таштоого, алкоголду ичпей коюуга, калориялуу тамак ичүүгө жана спортзалга дайыма барып турууга даяр эмес болсо, бул анын оору менен түбөлүк күрөшүүгө «бел байлаганын» билдирбейт. Тескерисинче, компромисс табууга жана өз организми үчүн, жашоо образын бир аз өзгөрткөндө тобокелдик фактору менен келтирилген зыянды олуттуу төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген алгылыктуу шарттарды түзүүгө олуттуу шылтоо болуп саналат.
Тобокелдик факторлорун рационалдуу түзөтүү башкы орунга коюулат жана кийин оорулардын өнүгүү тобокелдигин төмөндөтүүгө, тез жардамга кайрылгандардын, майып болгондордун жана мезгилинен эрте каза болуулардын санын азайтууга, жана «экономикалык активдүү калктын» үлүшүн көбөйтүүгө жетишүүгө мүмкүндүк берет3.
БДСУнун маалыматтары боюнча, ден соолукка таасир этүүчү факторлордун тобу
5. ЖЭОнун өсүү тобокелдигин төмөндөтүүгө түрткү берүүчү араккеттер фактолорун коррекциялоо
Колдоочу орун басуучу терапия (мындан ары – КОТ) — бул опий тобундагы баӊги заттардан көз каранды адамдарды (опиаттар) атайын медициналык препараттардын (метадон, бупренорфин) жардамы менен дарылоо. Орун басуучулук препараттарды, негизинен, метадонду ичүү, легалдуу эмес опий баӊги заттарын колдонуу зарылдыгын жоёт, себеби ал алардай таасир берет жана бейтаптын туруктуу абалын сутка бою кармап турат.
Дарылоонун негиги максаты – баӊги заттарын колдонуучуларга легалдуу эмес баӊги заттарын колдонуусун токтотууга жардам берүү, алардын ден соолугунун абалын жакшыртуу, баӊги заттарды инъекциялык колдонуунун жагымсыз кесепеттеринин (ашыкча колдонуу, ВИЧ-инфекция, «С» жана «В» гепатитин жугузуп алуу, ириӊ жана септикалык кабылдоо ж.б.) алдын алуу, туугандары жана жакындары менен өз ара мамилелерин жакшыртуу, криминал жашоодон алыстатуу, окуганга жана иштегенге мүмкүнчүлүк жаратуу.
КОТ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДСУ), БУУнун баӊги заттар жана кылмыштар боюнча башкармалыгы, БУУнун ВИЧ/СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча Бириккен программасы тарабынан расмий колдоого алынган жана бул эл аралык уюмдар тарабынан опийден көз карандылыктан дарылоонун натыйжалуу ыкмаларынын бири, ошондой эле ВИЧ-инфекциясын жуктуруу тобокелдигин төмөндөтүү усулу катары каралат. Бул препарат БДСУнун Негизги дары препараттарынын Моделдик тизмегине кирген.
Айрым баалоолорго ылайык, опийден көз карандылыкты дарылоо программасына салынган ар бир доллар, баӊги заттар менен байланышкан жана уурулук жана талап-тоноонун негизинде пайда болгон кылмыштуулук аркылуу келтирилген жоготууларды төмөндөтүү сыяктуу факторлордон улам 4-7 долларды сактап кала алат жана кылмыштык сот өндүрүшүнө чыгымдарды кыскартат.
Постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрүндө орун басуучу терапияны Литвада, Латвияда, Эстонияда, Молдовада, Азербайжанда, Грузияда, Украинада, Тажикстанда колдонушат. Ал ЕБ өлкөлөрүнүн бардыгында киргизилген. Италияда КОТту опиоддон көз каранды бейтаптардын 27-29%ы, баӊгилик менен жабыркагандардын Испанияда 41%дан 86%га чейинкилери, Германияда 33%дан 63%га чейинкилери, Нидерландыда – 40-47%ы алат. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө бул колдоочу терапияны 1,5 миллион адам алат.
Кыргыз Республикасында инъекциялык баӊги заттарын колдонуучу адамдар үчүн колдоочу терапия метадона гидрохлорид4 препаратын колдонуу менен 2002-жылдан баштап жүргүзүлүп келе жатат. Кыргыз Республикасында метадон улуттук контролго алууга жаткан Баӊги заттардын I Тизмесине кирет, жана 2006-жылдан баштап КРдагы Жашоодо маанилүү дары каражаттарынын Тизмегине киргизилген. Азыркы учурда Кыргызстанда «Опиодук көз карандылыкты колдоочу терапия метадондун негизинде дарылоо» клиникалык протоколуна ылайык иштөөчү, орун басуучу терапия пунктуларынын жалпы саны, пенитенциардык тутумду кошкондо, - 31, анын ичинде Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 7, түштүк аймакта – 11, пенитенциардык тутум мекемелеринде – 7. Аны менен бирге өлкөдө, расмий маалыматтар боюнча, баӊги заттардан көз карандуулардын саны болжол менен 10 миӊге жакын, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча – 26 миӊге жакын. Бул болсо алардын жанында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн теӊ санын туюндурат. Баӊги затынан көз карандуулукка каршы чаралар, аны менен бирге зыянды төмөндөтүү боюнча программалар – коом үчүн ири жардам.
КОТтун далилденген артыкчылыктары:
Ушуга байланыштуу, орун басуучу терапиянын практикасы баӊгизатынан көз каранды адамдарга жардам көрсөтүүдө натыйжалуу жана таасирдүү инструмент катары талаптагыдай каралышы керек. Мамлекеттин бардык деӊгээлдеринде өлкөнүн калган аймактарына андан ары жайылтуу менен, тобокелдиктин каралып жаткан факторунан зыянды төмөндөтүү боюнча бул практиканы өнүктүрүүдө кенен колдоо болушу зарыл.
Дене бойлук жигердүүлүк кем болгон фондо тамактануу рациону менен байланышкан тобокелдик факторлору 10% учурунда жугуштуу эмес ооруларды жана майыптуулукту (семирүү, диабет, инфаркт, таяныч-кыймылдоо аппараттары менен) пайда кылат. Кыргызстан туура эмес тамактануунун натыйжасында пайда болгон оорулардан каза болгондордун көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк рейтингде лидер үчилтиктин ичине кирди. Жыл сайын жүрөк оорудан 10,000 адам каза болууда, мунун себеби туура эмес тамактануу болуп саналат5.. Кыргызстан натрийди (тузду) колдонуу боюнча дүйнө жүзүндө алдыга озгон өлкө: 187 өлкөнүн рейтингинде төртүчү орунда турат. 20 жашка толгон жана андан жогору жаштардагылардын натрийди стандарттуу колдонушу суткасына 5,38 граммды түзөт, ал эми БДСУ бир суткага 2 грамм сунуштайт. Тузга карата демилгелердин көпчүлүгү йоддун таӊкыстыгына жана тузду йоддоого топтолгон; тузду кыскартуу зарылдыгынын жана аны бир эле маалда йод менен байытуунун ортосунда балансты издөө үчүн реалдуу аракеттер жасалбай келет.
Тамак аш өнөр жайы туура тамактанууга өтүүгө түрткү бере алат:
Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күнү рынокто туура азыктарды жана зыяндуу компоненттерди аз камтыган өндүрүмдөрдү жайылткан өндүрүүчүлөрдү сыйлоо актуалдуу болуп саналат.
Туура тамактануу боюнча жалпы сунуштамалар болуп төмөнкүлөр саналат: ар түрдүү тамактарды колдонуу; дененин ченемдеги салмагын кармоо; каныккан майларды жана холестеринди аз пайдалануу; рациондордо витаминди жетиштүү колдонуу (жашылчалар, жемиштер, дан азыктары); кантты, тузду жана натрийди колдонууну чектөө.
Андан тышкары, мамлекеттин деӊгээлинде ишке ашыруу зарыл болгон комплекстүү чаралар бар:
Дүйнө жүзү боюнча тамеки тартууга каршы күрөшүү 20 кылымдын ортосунан баштап жүргүзүлүп келе жатат, ал БДСУнун тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясына жетектелип жүрөт. Аны менен бирге БДСУ кабыл алынган чараларга карабай, 2030-жылы дүйнөдө тамеки тарткандардын саны мурдагы деӊгээлде эле кала берерин танбайт – тамекини салттуу жолу менен – тартуу аркылуу 1,1 миллиард адам чегет. Бул жагдайда тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн тамеки тартуучулардын санын азайтууга, аны менен тамеки тартууга байланыштуу жугуштуу эмес оорулардын (өпкөнүн рагы, ССЗ, эмфизема, ХОБЛ) жүгүн төмөндөтүү менен, кошумча түрткү берүүчү кошумча ыкмаларын издөө зарылдыгы пайда болот. Тамеки тартуудан толугу менен баш тартуу мыкты чечим болуп саналат, бирок тамеки тартуучу адамда өнөкөт ЖЭО табылган учурда гана мындай натыйжага жетишилет.
Технологиялар өнүккөн сайын организмге никотин жеткирүүнүн альтернативдик ыкмалары пайда болууда. Курамында никотин болгон альтернативдик жаӊы өнүмдөр, аны менен бирге электрондук сигареттер жана жылытылган тамеки менен буюмдар аларда күйүү процесси болбогондуктан, кадимки тамекилерге караганда зыяндуулугу азыраак болот.
Бүгүнкү күнү тобокелдиги төмөн дарамети менен альтернативдик өнүмдүн төмөнкү түрлөрү жалпыга белгилүү:
Салттуу тамекилердин жана альтернативдик өндүрүмдүн ортосунда эки фактор бөлүүчү чек болуп саналат: 1) күйүүнүн жоктугу жана 2) түтүндүн жоктугу. Жаӊы өнүмдөр тамекилерге караганда артыкчылыктарга ээ, себеби жаӊы өнүмдөрдө күйүү процесси болбогондуктан окумуштуулар аэрозолдо зыяндуу жана түпкүлүктүү зыяндуу заттардын камтылышын тамекинин түтүнүнө салыштырмалуу 90-95%га төмөндөтө алышкан. Бүгүнкү күнү коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы академиялык чөйрө жана илимий –изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр жана илимий иштер жарыяланган.
АКШнын Тамак аштардын жана медикаменттердин сапатына санитардык көзөмөл боюнча башкармалык (FDA) өзүнүн корутундусунда (2019-жылдын майы) жаӊы өнүмдөрдө күйүү процесси болбогондуктан алар кадимки тамекиге салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ экендигин, ошого байланыштуу жаӊы өнүмдөр коомдук саламаттыкты сактоонун максаттарына жана милдеттерине туура келерин белгилешкен7. Андан кийин 2020-жылдын 7-июлунда FDA колдонуудагы илимий маалыматтар төмөндөтүлгөн таасир берген өндүрүмдү авторлоштуруу коомдук саламаттык үчүн пайдалуу экендигин көрсөткөнүн аныктаган жана АКШда «модификацияланган тобокелдиги бар тамеки өнүмү» деген маалымат жазылган жылытылуучу тамеки менен буюмдарды сатууга уруксат берген. Бул өнүм коомдук саламаттыкты сактоо максаты үчүн алгылыктуу болуп саналат.
Андан ары тамеки тартуудан толук баш тартуусу үчүн 2020-жылдан баштап тамеки тартуучуларды тамекиден азыраак зыяндуу альтернативге ѳтүүсү үчүн электрондук сигареттерди инструмент катары сунуштоого Австралиянын жалпы терапия врачтарына уруксат берилет8. Альтернативдик ѳнүмдѳрдѳгү зыянды тѳмѳндѳтүүнүн дарамети, 2018-жылы Евразия экономикалык комиссиясы жүргүзгѳн изилдѳѳнү кошо, айрым авторлордун жана бүтүндѳй эл аралык институттардын илимий изилдѳѳлѳрү менен тастыкталып келе жатат. Алсак, кѳз карандысыз эксперттердин кесипкѳй корутундулары жана рецензиялары никотинди жеткирүү боюнча альтернативдик ѳндүрүмдүн - электрондук сигареттин пайдасына айтылып келе жатат:
(4) «Тамекинин түтүнүнѳ салыштырмалуу жылытуучу тамекилүү буюмдар менен түзүлүүчү аэрозолдо зыяндуу заттардын олуттуу тѳмѳн деңгээлин изилдѳѳлѳр тастыктап турат.» - ЕЭК, ноябрь 2018.
Толук кандуу илимий изилдѳѳлѳрдү жана клиникалык сынамдарды жүргүзүү зарылдыгына карабай, айрым бир ѳлкѳлѳрдѳ мындай ѳндүрүм салттуу тамекилерге альтернативдер катары олуттуу каралат. 2017-жылдын июлунда Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо департаменти «Түтүнсүз муунга карай жолдо» аталышындагы Тамекиге контроль боюнча жол картасын жарыялаган, анын алкагында тыюу салынбаган мүнѳздѳгү чараларга, тамекини колдонуудан зыянды тѳмѳндѳтүү ыкмасы катары жаңычыл ѳнүмдѳрдү кароого мүмкүнчүлүк берүүгѳ негизги басым жасалат. Ага ылайык, Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан «Электрондук сигареттер жана тамеки буюмдары боюнча далилдердин сереби – 2018» отчету түзүлгѳн.
Отчеттун негизги жыйынтыктары9:
Отчетко ылайык тѳмѳнкү сунуштамалар иштелип чыккан:
Мамлекеттик жѳнгѳ салуунун кѳз карашынан алганда, тѳмѳнкүлѳр сунушталат:
Мындай мамиле Жаңы Зеландиянын мыйзамдарында дагы белгиленген, анда күйгүзүлбѳгѳн ѳнүмдѳр салттуу тамеки тартууга каршы күрѳшкѳ жардам берген ѳнүмдѳрдүн категориясына аныкталган. Жалпысынан, баяндалган мамиле ЖЭОнун бир топ кѳлѳмдүү дагы бир булагынан – тамеки тартуудан зыянды тѳмѳндѳтүүнүн натыйжалуу жолун түзүүнүн мүмкүндүгүн жаратат.
STEPSтин 2013жылдагы изилдѳѳлѳрүнүн жыйынтыгы Кыргызстанда эркектердин болжол менен бештин экиси (44,8%) жана аялдардын дээрлик бештен бири (17,7%) алкоголдук ичимдик ичет. БДСУнун маалыматтары боюнча, 2016-жылы алкоголду ичүү бир адамга 6,2 литрди түзгѳн, 2010-жылы бул кѳрсѳткүч бир адамга 10,2 литрге болгон.
Алкоголду ичүү тынчсызданууну жаратат, себеби аялдарга караганда эркектер алкоголду орточо алганда үч эсе кѳбүрѳѳк ичишет; акыркы 30 күн ичинде 5 эркектин 1и ашыкча ичкен (бир жолкусунда алты же андан кѳп порция). Алкоголду ашыкча ичкен менен ассоциаланган түргѳ ЖЭОдон рактын кѳптѳгѳн формаларын, пакреатитти, эпилепсияны, диабетти, боордун циррозун, ИБСти, инсультту жана башка жүрѳк- кан тамыр ооруларын жана кане айлануу тутумунун ооруларын киргизүүгѳ болот.
БДСУнун аныктамасы боюнча, күчтүү ичимдиктердин катарына даяр ѳнүмдүн толук кѳлѳмүнѳн 20%дан кем эмес алкоголду камтыган ичимдиктер кирет. Алкоголдук ичимдиктерди бир жолу ашыкча колдонуу (алкоголдун стандарттык 5 жана андан кѳп дозасы) фактыларынын кѳпчүлүгү дал ушул күчтүү алкголго туура келерин изилдѳѳлѳр кѳрсѳттү.
Билим берүү тутумун модернизациялоонун алкагында алкоголдун зыяны тууралуу окуучуларга жана студенттерге маалымат берүү боюнча моралдык эскирген ыкмаларды кайра карап чыгуу зарыл. Кѳпчүлүк учурларда мындай класстан тышкаркы сабактар үстүртѳн кабыл алынат да, ал гана эмес ѳтѳ кызыгуунун тескери натыйжасын жаратат. Ошого байланыштуу, сынактын негизинде ата мекендик жана эл аралык эксперттерди тартуу менен атайын программаларды (курстарды, тренингдерди, сабактарды жана окутуунун жана агартуунун башка формаларын) улуттук деңгээлде иштеп чыгуу талап кылынат.
Натыйжалуулукка жетүү максатында, алкоголдук ичимдиктерди ѳндүрүүгѳ адистешкен корпоративдик секторду дискуссияга тартуу, спиртти кѳп камтыган алкоголдук ичимдиктердин кѳлѳмүн тѳмѳндѳтүүнүн эсебинен, алкоголу аз ѳндүрүмдүн катарын кеңейтүү боюнча бизнес үчүн ѳбѳлгѳлѳѳчү механизмдерди жана преференцияларды карап чыгуу керек.
Ушуга байланыштуу, рационалдуу сунуштамалар болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:
Мындай аракеттер алкоголду ичүүдѳн зыянды тѳмѳндѳтүүгѳ багытталган, натыйжа бербеген чаралардын ордуна туруктуу жана узак мѳѳнѳттүү негизге ээ болгон алкоголдук саясатты түзүүгѳ мүмкүндүк берет.
5/5 Дене бойлук жигердүүлүктүн тѳмѳндүгү
Дене бойлук инерттүүлүк (дене бойлук жигердүүлүктүн жетишсиздиги) глобалдык каза болуулардын тобокелдик факторунун маанилүүлүгү боюнча тѳртүнчү орунда турат (дүйнѳ жүзүндѳ каза болгондордун 6% учуру). Андан тышкары, баалоолор боюнча, дене бойлук инерттүүлүк эмчек безинин жана ичеги карындын рагынын болжол менен 21-25%ына, диабеттин 27%ына жана жүрѳктүн ишемикалык оорусунун болжол менен 30%ына негизги себепчи болуп саналат. Дене бойлук жигердүүлүктүн жана жүрѳктүн ишемикалык оорусунун, инсульттун жана диабеттин тобокелдигин кыскартуунун ортосунда түздѳн түз ѳз ара байланыш бар. Duke University Medical Center (США) жүргүзгѳн изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгы боюнча, кыймылы аз, жигердүү эмес жашоо образы висцералдык майдын кѳбѳйүшүнѳ алып келет, ал ички органдардын айланасына топтолот. Инсулинге резистенттүүлүк, ошондой эле жүрѳк кан тамыр оорулары жана башка метаболистик синдромдор висцералдык майдын бийик деңгээли менен түздѳн-түз байланышкан, ал ѳз кезегинде отуруп иштеген образдагы адамга коркунуч жаратат. Ошондой эле семирип кетүү остеоартриттин ѳѳрчүү тобокелдигине түрткү берет.
Бүгүнкү күнү 25-64 жаштагы кыргыздын 9дан 1и (11,4%) орточо интенсивдеги дене бойлук жигердикке жумасына 150 мүнѳттѳн кем убакыт бѳлүп, дене бойлук жигердүүлүктү жүргүзбѳйт. Дене бойлук жигердүүлүк эркектерге караганда аялдарда, ошондой эле шаардык райондордо жашагандарда да тѳмѳн. Дене бойлук бүткүл жигердиктин болжол менен жарымы (53,65ы) жумуш менен, башка бѳлүгү транспорт (42,7%ы) менен байланышкан, дене бойду чыңдоочу жигердүүлүк дээрлик жокко эсе (3,7%). Калктын улуу жашындагылардын үчтѳн бири (33,1%) ашыкча салмактан жана тѳрттѳн бири (23,1%) семирүүдѳн жабыркап келерин изилдѳѳлѳр кѳрсѳттү10.
Дене бойлук жигердүүлүк менен дайыма аракеттенип туруу ден соолукка тѳмѳндѳгүдѳй оң натыйжа берет:
-кан басымдын кѳтѳрүлүү, жүрѳктүн ишемикалык оорусунун, инсульттун, диабеттин, эмчек безинин, ичеги карындын рагынын жана депрессиянын тобокелдигин тѳмѳндѳтѳт
-сѳѳктѳрдү чыңдоого жана финкционалдык ден соолукту жакшыртууга түрткү берет;
-энергиянын сарпталышынын негизги детерминантасы болуп саналат, демек энергетикалык алмашууда жана салмакты бир калыпта кармап турууда чечүүчү ролду аткарат.
АКШда дене бойлук жигердүүлүктүн деңгээлин кармап туруунун мисалы үлгү болуп саналат, ал калктын кенен катмарына спортту жүргүзүүнүн эсебинен жетишилет. АКШда спорт – улуттук маданияттын маанилүү бѳлүгү. Спорт түрдүү окуу жайларда, колледждерде, мектептерде кенен жайылган. Сынактарды тапшырууда ийгиликке жана жогору акылуу стипендияларга жетүү үчүн – спорт менен алектенип, байгелүү орундарга жетүү милдеттүү фактор болуп саналат. Мындай мамиле ушул индивидуумдун гана алкагында каралбастан, келечек муундун ден соолугуна кам кѳрүү катары да каралат.
Андан тышкары, бүгүнкү күнү спорттук индустрия экономикалык сѳѳүнү камсыз кылуу менен, түрдүү ѳлкѳлѳрдүн экономикасынын маанилүү бѳлүгү болуп саналат, себеби ал мамлекеттин жашоосунун экономикалык чѳйрѳсүнѳ, эмгектин сапатына, жумушчу күчтүн дене бойлук даярдыгына, керектѳѳнүн жана суроо-талаптын түзүлүшүнѳ, эмгектин ѳндүрүмдүүлүгүнѳ, тышкы экономикалдык байланыштарга жана экономикалык тутумдун башка кѳрсѳткүчтѳрүнѳ интенсивдүү таасир этет.
Дене бойлук жигердүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу айрым гана адамдардын гана эмес, жалпы эле коомдун кѳйгѳйү болуп саналат. Ошондуктан аны чечүү үчүн калктын айрым топторуна багытталган жана маданияттын ѳзгѳчѳлүгүн эске алган кѳп секторалдык, тартиптик мамиле керек.
Тѳмѳнкү чаралар дени сак, дене бойлук жигердүү жана күчтүү коомду түзүүгѳ мүмкүндүк берет:
Жогоруда баяндалгандарга кошумча катары, элдин маалыматты жакшы алышын жана түрдүү жаш курактагы дене бойлук жигердүү адамдын жѳнѳкѳй моделин калк тарабынан кабыл алышын камсыз кылуу сунушталат, тактап айтканда:
Бул чаралар ѳлкѳнүн келечектеги жана азыркы муунунун ден соолугу үчүн бекем пайдубалды түзүүгѳ мүмкүндүк берет.
6. Корутунду
Зыянды тѳмѳндѳтүү концепциясы ЖЭОнун тобокелдик факторлорунун таасирин тѳмѳндѳтүү үчүн тѳмѳнкү чараларды сунуштайт:
ЖЭОнун булагы |
ИНСТРУМЕНТ |
Алкоголь |
Аз алкоголдуу сызыкка ѳтүү |
Тамеки тартуу |
Түтүнсүз никотин тутумдуу ѳнүмгѳ ѳтүү |
Тамактануу м |
Зыяндуу компоненттер аз камтылган ѳндүрүмдѳргѳ ѳтүү |
Дене бойлук тѳмѳн жигердүүлүк |
Маалыматка ээ болууну жогорулатуу жана тиешелүү шарттарды түзүү аркылуу жашоо образын түзѳтүү
|
Баңгилик |
Орун басуучу (метадондук) терапия |
Тобокелдиги тѳмѳн ѳндүрүмдѳрдүн жүгүртүлүшүнѳ карата
Тобокелдиги тѳмѳн ѳндүрүмдѳрдү ѳндүрүү жана сатуу бүгүнкү күнү чыгымдуу жана рерусту кѳп талап кылуучу болуп саналат, себеби мындай ѳндүрүм, эреже катары, табигый компоненттерди камтып турат жана жаңы технологияларды пайдалануу менен ѳндүрүлѳт (жайылтылат). Мындай ѳндүрүмдѳрдүн параметрлери ѳзгѳрүлгѳндүгүнѳн улам, аны сактоого талаптар жогорулайт, ал эми жарамдуу мѳѳнѳтү азаярын белгилеп кетүү керек.
Мындай ѳндүрүм жугуштуу эмес оорулардын булактарынан зыянды тѳмѳндѳтүү боюнча натыйжалуу инструмент катары каралышы керек.
Андан тышкары, мындай ѳндүрүм жана ал тууралуу бардык маалымат керектѳѳчүгѳ жеткиликтүү болгудай шарт түзүү ѳтѳ маанилүү. Тѳмѳндѳгү формула керектѳѳчүгѳ аз зыяндуу ѳндүрүмдү сунуштоо жана ал тууралуу маалыматты жеткиликтүү кылуу менен, ЖЭОнун далилденген булактарынан зыянды тѳмѳндѳтүүгѳ болорун кѳрсѳтүп турат.
Мисалы, тобокелдиги тѳмѳн болгон ѳнүмдѳргѳ салык дифференциациясын киргизүү актуалдуу болуп саналат. Ошондой эле бул ѳндүрүмдүн артыкчылыктары жѳнүндѳ маалымат жеткирүү мүмкүндүгүн кароо маанилүү. Мындай чаралар тобокелдиги тѳмѳн ѳндүрүмдү жеткиликтүүрѳѳк кылууга мүмкүндүк берет жана зыяны аз ѳнүмдѳрдү гана керектѳѳчү тандоосуна оң таасир этет.
Мындай ѳндүрүмдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ѳлкѳнүн масштабында жугуштуу эмес оорулардын кѳрсѳткүчүн тѳмѳндѳтүү бѳлүгүнѳ оң салып кошушу мүмкүн, узак мѳѳнѳттүү учурда мындай аракеттер ѳлкѳнүн экономикасынын кѳз карашынан алганда саламаттыкты сактоого чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу зыяндын каралып жаткан булактары боюнча ѳзүнчѳ мыйзамдардын демилгелерин ишке ашыруу максаттуу болуп саналат, мисалы, «тобокелдиги тѳмѳн ѳнүм» - негизинде мындай ѳнүмдүн курамын жана түзүлүшүн, же санитардык ченемдерге жана эрежелерге жооп берген колдонуудагы ѳнүмдѳргѳ салыштырмалуу адамдын ден соолугуна таасир этүү кѳз карашынан ѳнүмдүн керектѳѳчү мүнѳздѳмѳсүн жакшыртуу максатында аны колдонуу ыкмасын олуттуу ѳзгѳртүүчү технологиялык процесс жаткан кандай болбосун ѳнүм же кызмат кѳрсѳтүү - деген мыйзамдуу аныктаманы киргизүү.
Бул түшүнүк керектѳѳчүлѳрдүн укуктарын коргоо жѳнүндѳ КР мыйзамдарынын контекстинде каралышы мүмкүн.
Тобокелдиги тѳмѳн ѳнүм тѳмѳнкү критерийлер боюнча идентификацияланса болот:
Бул критерийлерди тобокелдиги тѳмѳн ѳнүмдѳргѳ киргизүүнү белгилѳѳ (1) керектѳѳчүлѳрдүн «зыяндуу» ѳнүмдѳрдѳн «аз зыяндуу» ѳнүмдѳргѳ ѳз алдынча дифференцияланышын камсыз кылууга, (2) ѳлкѳнүн масштабында жугуштуу эмес оорулардын кѳрсѳткүчүнүн тѳмѳндѳшүн камсыз кылууга, (3) тамак-аш ѳнѳр жайында тобокелдиги тѳмѳн ѳнүмдѳргѳ карата керектѳѳчүлѳрдүн кѳңүл буруусуна атаандаштыкты орнотууга алып келет.
Ата мекендик ѳндүрүүчүлѳрдүн ичинде бден соолукка аз таасир эткен кѳз караштан алганда ѳзүнүн мүнѳздѳмѳсү боюнча импорттук аналогдордон ашып түшкѳн ѳндүрүмдѳрдү ѳндүргѳн кѳптѳгѳн ѳкүлдѳр бар экендигин белгилеп ѳтүү маанилүү, булар – жуучу каражаттарды, сүт суусундуктарын, сыр азыктарын ж.б. ѳндүрүүчүлѳр.
Коомдун жашоо образын ѳзгѳртүүгѳ карата
Жашоо образы жугуштуу эмес оорулардын каралып жаткан бардык булактары боюнча тобокелдик факторлорун тѳмѳндѳтүү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Инструменттер адамдардын жашоо образын ѳзгѳртүүгѳ жѳндѳмдүү болушу керек. Бул максаттар үчүн жашоо образына таасир этүүчү жана аны түзѳтүүчү натыйжалуу инструмент - коомдун маалыматка ээ болуусун жогорулатуу – аныкталган.
Тобокелдиктерди тѳмѳндѳтүү, Сергек жашоо образына жана жашоо образын түзѳтүүгѳ бара турган маданиятка кѳнүктүрүү темасына коммуникация абсорбциондук бийик жѳндѳмгѳ ээ болгон маалымат каналдары аркылуу гана мүмкүн болот.
Маалыматты жайылтуу үчүн түрдүү каналдар бар: социалдык тарамдар, ЖМК, радио жана телекѳрсѳтүү. Бул маалымат каналдары узак убакыт колдонуунун туруктуу шартында бүгүнкү күнү ѳтѳ таасирдүү болуп саналышат.
Ѳзүнѳ негизги тѳрт элементти: медиа, аудитории, идеялар жана билдирүүлѳрдү камтыган коммуникациялык моделди тандоо керек. Моделге ылайык, коммуникациянын борбордук элементи болуп – башка үч түзүүчү коммуникациянын таасири менен түзүлгѳн билдирүү саналат. Даяр ѳндүрүмдү түзүүдѳ моделдин бардык элементтери бирдей мааниге ээ экендиги, тактап айтканда, коммуникациялык стратегиянын бирдей баалуу факторлору болуп саналары маанилүү.
Бул Концепцияда колдонуудагы эл аралык мыкты тажрыйбанын негизинде ЖЭО булактарынан зыянды тѳмѳндѳтүүнүн жолдору жана негизги ыкмалары баяндалган. «Жумшак күч» ыкмасын колдонуу менен туура мамилени иштеп чыгуу шартында олуттуу жыйынтыктарга жетишүүгѳ болот.
Чараларды толук кандуу ишке киргизүү инфратүзүмдү, платформаны түзүүнү, персоналды окутууну, компотенттүү адамдарды ишке тартууну гана талап кылбастан, заманбап технологияларды колдонууну да талап кылат.
Концепция менен каралган негизги мамиле – бул аракеттерди түзѳтүү, ошондой эле аз зыяндуу ѳнүмдү сунуштоо жана ал тууралуу маалымат берүү жолу менен индивидуумдун жашоо образына таасир этүү.
Мындай мамиле калыптанып калган аракеттерди козгобостон, жана индивидуумдун жашоо образына одоно кийлигишпестен, ЖЭОну тѳмѳндѳтүү боюнча сунушталган чечимдерди индивидуум тарабынан кабыл алуу кѳз карашынан негизделген.
Эл арлык тажрыйба кѳрсѳткѳндѳй, «зыянды тѳмѳндѳтүү» Концепциясы жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык тарамдарды жана фасилитирлѳѳчү иш-чарпаларды аракетке аралаштыруу жолу менен жеңил имплементтелет
«Зыянды тѳмѳндѳтүү» стратегиясын ѳнүктүрүүнү натыйжалуулугу жана тез динамикасы индивидуумдун жүрүм-турум факторунун адаптациясына бийик дараметке ээ экендиги менен шартталган.
Дал ушундай мамиле ЖЭО булактарынан зыянды тѳмѳндѳтүүгѳ багытталган чаралар боюнча күн тартибинде актуалдуу экендигин эл аралык тажрыйба кѳрсѳтүп турат.