Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 6-октябрындагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 2-3-окуу

08-10-2021
11:09

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 6-октябрындагы

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун  биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» 2021-жылдын 30-сентябрындагы №4880-VI токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А. Карашев, Г.С. Молдобекова, Ч.Ч Урумкалиева (2021-жылдын 27-сентябрындагы кир.№ 6-13310/21) тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө пенсиянын чектөө механизмдерин оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү, пенсиялык тутумду башкаруунун майнаптуулугун жогорулатуу максатка багытталган. Мыйзам долбоору боюнча пенсияга кайрылып жатканда белгиленген эң төмөн эмгек акынын өлчөмүнөн жөнөкөйлөтүлгөн эсеп колдонушу мүмкүн. 

Мыйзам долбоорду экинчи окууга даярдоодо сунуш же сын-пикирлер түшкөн эмес.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 53 жана 55-беренелерге ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын (тиркелет) жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул Мыйзамыдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин алты фракцияларынын оӊ чечими болгондо бир убакта экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу сунушталсын;

3. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г. С. Молдобековага тапшырылсын.

4. Ушул Мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Ж.А. Орозалиев чакырылсын.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                 Г. С. Молдобекова