Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Токтомбаев Медер Амантуровичди көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

30-06-2021
13:58

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 28-июнундагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Токтомбаев Медер Амантуровичди көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Улуттук Госпиталынын бет-жаак хирургиясынын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн врачы Токтомбаев Медер Амантуровичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү боюнча талапкерлигин (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Улуттук Госпиталынын башкы врачы Т. И. Маанаевдин 2021-жылдын 31-майындагы №6-7329/21 сунушу тиркелет) карап чыгып, төмөндөгүдөй чечти:

    1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Токтомбаев Медер Амантуровичдин талапкерлиги жактырылсын.

    2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо материалдарын кароо боюнча Комиссиясына жиберилсин.

 

Комитеттин төрагасы                                                          Г. С. Молдобекова