Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 28-июнундагы Омурзакова Парида Кочконбаевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

30-06-2021
13:58

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 28-июнундагы

Омурзакова Парида Кочконбаевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Доор» фольклордук ансамблинин солисти Омурзакова Парида Кочконбаевнанын талапкерлигин «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т. И. Икрамовдун  2021-жылдын 10-июнундагы № 6-8192/21 сунушу тиркелет) карап чыгып, төмөндөгүдөй чечти:

1. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамына көрсөтүү үчүн Омурзакова Парида Кочконбаевнанын талапкерлиги жактырылсын.

2. Комитеттин ушул чечимин колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын.

 

Комитеттин төрагасы                                                          Г. С. Молдобекова