Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Жээналиева Рысбү Бектеналиевнаны көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

30-06-2021
13:58

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 28-июнундагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Жээналиева Рысбү Бектеналиевнаны көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук  А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун медициналык маалымат бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жээналиева Рысбү Бектеналиевнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү боюнча талапкерлигин (Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин милдетин аткаруучу У. И. Иманбердиевдин  2021-жылдын 1-июнундагы № 6-7449/21 сунушу тиркелет) карап чыгып, төмөндөгүдөй чечти:

    1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Жээналиева Рысбү Бектеналиевнанын талапкерлиги жактырылсын.

    2.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо материалдарын кароо боюнча Комиссиясына жиберилсин.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                          Г. С. Молдобекова