Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 28-июнундагы Ялама Петр Николаевичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө комитеттин чечими

29-06-2021
12:19

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 28-июнундагы  

Ялама Петр Николаевичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

ЧЕЧИМИ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Олимпиадалык резервдин балдардын-уландардын адистештирилген спорт мектептеринин грек-рим күрөш боюнча бөлүмүнүн башкы машыктыруучусу Ялама Петр Николаевичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү үчүн талапкерлигин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Касымалиеванын 2021-жылдын 30-апрелиндеги кир. №6-5860/21 сунушу тиркелет) карап чыгып, чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү үчүн Ялама Петр Николаевичдин талапкерлиги жактырылсын.

2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо материалдарын кароо боюнча Комиссияга жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                             Г. С. Молдобекова