2021-жылдын 7-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчётун угуп жана талкуулап, төмөндөгүлөрдөй чечти:
1. «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынсын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
2. Аталган маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы К. Б. Болотканов аныкталсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Башкы мамлекеттик инспектору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын социалдык чөйрөнүн чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы чакырылсын.