2021-жылдын 31-майындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
2. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүү сунушталсын (токтом долбоору тиркелет).
3. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К. О. Иманалиевге тапшырылсын.