Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мамлекеттик жана коомдук ишмер Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө маселени карап чыкты

16-06-2021
10:17

 

2021-жылдын 27-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мамлекеттик жана коомдук ишмер Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөнкүлөрдү төмөнкүлөрдөй чечти:

1. Министрлер кабинети:

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Т. Суванбердиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча  иш-чараларды белгилесин.

- Иш-чараларды белгилөөдө төмөнкүлөрдү эске алсын:

- Т. Суванбердиевдин 100 жылдыгына арналган эскерүү кечелерин Бишкек шаарында жана Талас областында өткөрүү;

- Бишкек шаарынын, Талас областындагы Манас районунун Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине ысымын ыйгаруу;

- Республикалык мамлекеттик телерадио каналдарында, басма сөздөрүндө Т. Суванбердиев жөнүндө телерадио берүүлөрдү, документалдуу кино тасманы жана макалаларды уюштуруу;

- Т. Суванбердиевдин өмүр, эмгек жолун чагылдырган тарыхый-архивдик материалдардын негизинде көргөзмөлөрдү уюштуруу.

2. Кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын 1-сентябрына чейин маалымдасын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (Г. С. Молдобекова) жүктөлсүн.