Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйынды өткөрдү

11-05-2021
11:50

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйын мамлекеттик тарых музейинде болду.

Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейди оӊдоп-түзөө иштери, сыртына, ичине кеткен каражаттар тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында музей 2016-жылдын 25-майында жабылган. Музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) калыбына келтирүү иштерине 15 млн доллар бөлгөн, ал имараттын сырткы бетин гана  ишке ашыруу жумущтарына жумшалган.

Ошондой эле Тарых музейинин Vitrinen-und Glasbau REIER деген немис компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда. Музей акчасы төлөнгөндөн кийин иштей баштары айтылды.

Талкууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тездетип чечүүнү сунуштады. “Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына 225 миӊ еврону мамлекеттик органдар маселени бири-бириӊерге жүктөбөй, барын биргелишип чечкиле“, - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшенаалы Нурдинов ремонту бүтпөй жатып, чекесинен урай баштаган тарыхый мекемени оӊдогондордун ишин сынга алды. “Иштин башталышы же аягы жок чаржайыт, таман таштары сынып, суу өтмөктөрү бузула баштаптыр, имаратты оӊдогондор жоопкерчиликти алышсын”, - деп кошумчалады ал.

Эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешти.

Комитет кийинки отурумга тарых музейин оӊдоого катыштыгы бар бардык кызмат адамдарын жана ТИКА компаниясынын өкүлдөрүн чакырып жыйында чогуу талкуулоо чечимине келди.