Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 1-мартындагы «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 2-окуу

04-03-2021
14:53

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 1-мартындагы

«Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А. Т. Мамашова тарабынан демилгеленген, 2021-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы №4401-VI токтому) «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.Т. Мамашовадан кат жүзүндө төмөнкү мазмундагы сунуш келип түшкөндүгүн белгилейт:

«Мыйзам долбоорунун экинчи пунктундагы «ошол эле учурда баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн так мөөнөтү тиешелүү тармактардагы жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашуу боюнча бекитилет;» деген сөздөр «тиешелүү жааттарда иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган;» деген сөздөргө алмаштырылсын.

Негиздөө: Ушул түзөтүү, ушул Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен киргизилет (Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э. Ж. Сурабалдиеванын 2021-жылдын 25-январындагы кир. № 6-874/21 каты). Комитет бул түзөтүүнү колдоду.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы Г.С. Молдобекова ушул Мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директору чакырылсын.

 

        

 

Комитеттин төрагасы                                                                Г. С. Молдобекова