Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 8-февралындагы «Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

03-03-2021
11:12

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 8-февралындагы

«Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты А.Т. Мамашова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык (2020-жылдын 20-ноябрындагы кир. №6-1211/20) «Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жумуш берүүчүлөрдү кесиптик кадрларды даярдоого катыштыруу, ошондой эле кесиптик билим берүүгө көп сандаган жаштарды айрым кесиптер үчүн окутуу мөөнөттөрүн кыскартуунун эсебинен тартуу менен жогорулатууга багытталган. 

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

-Мыйзам долбоорунун мазмуну билдирилген концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна, жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары:

-жок (талап кылынбайт).

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык өткөрүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн (2020-жылдын 1-декабрындагы кир. №6-1733/20) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн (2020-жылдын 30-ноябрындагы кир. №6-1668/20) корутундулары тиркелет.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусуна ылайык (2021-жылдын 18-январындагы кир. № 6-483/21) Мыйзам долбоорунун тексттерин мамлекеттик жана расмий тилдерге шайкеш келтирүү зарыл.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бул Мыйзам долбооруна тиешелүү корутундусун алуу үчүн Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү «Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү сунуштарды берген (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Э. Ж. Сурабалдиеванын 2021-жылдын 25-январындагы кир. № 6-874/21 каты тиркелет).

7. Алар өткөрүлгөн учурда, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-«Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына  ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Бул маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Т. Мамашовага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директору чакырылсын.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        Г. С. Молдобекова