Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

03-03-2021
09:48

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 8-февралындагы

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 18-январындагы №6 токтому) “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы.

Мыйзам долбоордун максаты “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12- беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан – ары Конституциялык палата) 2020-жылдын 30-сентябрындагы чечимине жана конституциялык принциптерге ылайык келтирүүгө багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун  билдирилген концепцияга туура келүүсү:

- Мыйзам долбоорунун мазмуну билдирилген концепцияга шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы чечими.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна регулятивдүү таасир этүүнү талдоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-жок (талап кылынбайт).

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2021-жылдын 26-январындагы № 6-1002/21) тиркелет;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адистештирилген экспертизалардын түрлөрү бөлүмүнүн корутундусу (2021-жылдын 26-январындагы № 6-993/21) тиркелет;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2021-жылдын 26-январындагы № 6-931/21)  тиркелет;

Укук коргоочулук, гендердик, экологиялык экспертизалардын натыйжалары камтылган корутундулар - жок.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

- жок.

7. Эгер өткөрүлгөн болсо, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыккандыктан, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык коомдук талкуулоого жатпайт.

 

8. Мыйзам долбооруна фракциялардан, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

- жок.

9. Комитетин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

- жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

- жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул мыйзам долбоору боюнча баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору А. Токталиев аныкталсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору чакырылсын.

 

 

  

Комитеттин төрагасы                                       Г. С. Молдобекова