Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 18-январындагы “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

02-03-2021
15:10

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2021-жылдын 18-январындагы

“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты С. К. Ибраев тарабынан демилгеленген “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2020-жылдын 2-сентябрындагы кир.№6-13564/20) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы.

Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы укук колдонуу жана сот тажрыйбасында автордук мүлктүк укуктарды бузгандыгы үчүн акчалай компенсацияны өндүрүү жөнүндө талаптарга байланышкан маселелерди жана талаш-тартыштарды кароодогу кенемтелерди жокко чыгаруу үчүн иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунунбилдирилген концепцияга туура келүүсү:

- шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар: 

-жок (талап кылынбайт).

5.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2020-жылдын 9-сентябрындагы кир.№6-13977/20) тиркелет;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн бөлүмүнүн корутундусу (2020-жылдын 15-сентябрындагы  кир.№6-14113/20) тиркелет.

- - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2021-жылдын 26-январындагы кириш № 6-983/21) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар, эгер алар болсо:

- жок.

7. Эгер өткөрүлгөн болсо, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

- “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардан, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

- Жок.

9. Комитетин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

- жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

- жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты С. К. Ибраев бул мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп аныкталсын.

3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматынын төрагасы чакырылсын.

 

 

  Комитеттин төрагасы                                            Г. С. Молдобекова