2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кезектеги жыйынында “Манас" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карап чыкты.
Мыйзам долбоору аркылуу кыргыз элинин рухун жана мекенчилдик сезимин көтөрүү, тарыхый эс тутумду, эне тилин, маданиятын, ишенимин, улуттук биримдигин жана эркиндигин сактоо, Манастын образы аркылуу мамлекетти бекемдөө үчүн кыргыз элинин этностук бирдейлигин калыптандыруу жана чыңдоо максатталган. Ошондой эле "Манас" эпосунун үч илтигин жыйноого, сактоо, изилдөө, басып чыгаруу, аны коомдук турмушта колдонуу, илим изилдөө жана билим берүү системаларындагы ордун аныктоого, дүйнөгө кеңири жайылтууга, манасчылык өнөрдү баалоо менен өнүктүрүү чараларына байланыштуу иш-аракеттерди жөнгө салууга багытталган.
Талкуу маалында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев иштеп жаткан мыйзам менен жаңы мыйзамдын айырмачылыгы эмнеде экенин сурады.
Өз кезегинде демилгечи депутаттардын бири Саматбек Ибраев колдонуудагы мыйзам "Манас" эпосунун алкагында гана болуп калганын, ал эми жаңы мыйзамда Манастын образын кыргыз элинин улуттук рухий, адеп-ахлактык символу катары таануу менен манасчыларга статус берүү сунушталып жатканын кошумчалады.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр көп экенин сынга алды.
Ал эми "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти Топчубек Тургуналиев аталган мыйзам долбоорун мыйзам катары кароо туура эмес экендигине токтолуп: "2011-жылы кабыл алынган колдонуудагы мыйзамга гана өзгөртүү киргизүү зарыл. Жаңы мыйзам жазуунун зарылчылыгы жок", - деди.
Андан сырткары жыйында Өкмөттүн өкүлү аталган мыйзам долбоору максатка ылайыксыз деген корутунду берилгенин белгиледи. Жыйын учурунда депутат Каныбек Иманалиев колдонуудагы мыйзамдын аткарылышын талкуулаган парламенттик угуу өткөрүп, андан соң гана ага өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. "Бул үчүн сунушталган мыйзам долбоорун артка кайтаруу зарыл", - деди депутат.
Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматбек Ибраев он жыл мурун кабыл алынган колдонуудагы мыйзам долбоору мыкты жазылганы менен учурда өзгөртүүгө муктаж деген оюн билдирди. Ошондой эле убакыт чоюп, жаңы мыйзам кабыл алуу мөөнөтүн жылдыра берүүнүн кажети жок экенин белгиледи.
Жыйынга катышып жаткан манасчылар да жаңы мыйзам долбоору тууралуу ой бөлүштү. Алсак, манасчы Талантаалы Бакчиев мыйзам долбоорунда Манастын улуулугун даңазалоо гана максатталганын кошумчалады.
Талкуудан соң мыйзам долбоору артка жылдырылып, аталган маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушу кабыл алынды.