Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 14-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

17-02-2021
12:47

 

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2020-жылдын 14-декабрындагы

Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 2-октябрындагы №513 токтому) тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы  коррупциялык жана бланкеттик көрүнүштөрдү жоюуга жана ошондой эле «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга туура келүүсү:

-туура келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбоорунун ишкердик ишти жөнгө салуу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

- жок.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2020-жылдын 30-ноябрындагы кириш № 6-1607/20) тиркелет;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адистештирилген экспертизалардын түрлөрү бөлүмүнүн корутундусу (2020-жылдын 23-ноябрындагы кириш № 6-1297/20) тиркелет;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2020-жылдын 27-ноябрындагы кириш № 6-1544/20) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

- жок.

7. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар:

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык, коомдук талкуулоо үчүн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган.

8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын Мыйзам долбооруна карата сунуштары:

- жок

9. Комитеттин мүчөсүнүн Мыйзам долбооруна карата өзгөчө пикири:

- жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А. М. Мамбеталиевге тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы чакырылсын.

 

 

 

 Комитеттин төрагасы                                              Г. С. Молдобекова