Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 14-декабрындагы «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол  коюлган  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  менен Казакстан  Республикасынын Өкмөтүнүн  ортосундагы  Миграция  жаатындагы  кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбооруна комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

17-02-2021
12:00

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2020-жылдын 14- декабрындагы

«2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан  Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы  Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2020-жылдын 13 ноябрындагы № 561 токтому) «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн  ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн иштелип чыккан.

Аталган Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн  миграция, бир Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын коргоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү, Тараптардын аймактарындагы миграциялык процесстерди жөнгө салуу  үчүн миграциялык маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу, натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүү болуп саналат.

Аталган Макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргыз Республикасы менен  Казакстан Республикасынын ортосундагы миграция чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жана негизги маселелерди жөнгө салууну жакшыртууга, атап айтканда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасында туруусу менен байланышкан маселелер боюнча статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртууга жана ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүүгө, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу саны өсүп жаткан эмгек мигранттарынын (Кыргыз Республикасынын жарандары) маселелери боюнча маалымат алмашууну тездетүүгө өбөлгө түзүлөт.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

- ылайык келет.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык өткөрүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн (2020-жылдын 4-декабрында № 6-1969/20) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн (2020-жылдын 
2-декабрында № 6-1783/20)  корутундулары тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундулары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурларда өткөрүлгөн коомдук талкуулоолордун натыйжалары боюнча сунуштар:

- жок.

8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын Мыйзам долбооруна сунуштары:

-жок.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу: Комитеттин Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети   төмөнкүдөй  корутундуга келет:

1. «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция  жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунушталсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетине жиберилсин.

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Г. С.  Молдобекова