Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 30-ноябрдагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

15-02-2021
12:59

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин

2020-жылдын 30-ноябрдагы

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 567 токтому), төмөнкүлөрдү белгилейт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 433 850,5 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 15 433 850,5 миң сом өлчөмүндө, 2022-2023- жылдарга божомолу кирешелер боюнча 15 676 734,4 миң сом жана 15 952 022,2 миң сом өлчөмүндө түзүлдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга берилүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет.

2021-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиялардын келип түшүүсү 11 191 341,7 миң сом көлөмүндө болжолдонууда.

2021-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга берилүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 2 598 121,2 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга карата чыгашалары келип түшүүчү болжолдонгон ресурстардын чегинде 216 510,1 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу запасын эске алганда 15 433 850,5 миң сом көлөмүндө болжолдонууда.

Жогорудагы баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Жогорку Кеңешке сунушталсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» тууралуу маселе боюнча баяндамачы болуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев А. С. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Боронбаева Э. К. аныкталсын.

3. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

 Комитеттин төрайымы                                                      Молдобекова Г.С.