Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө 1-окуу

15-02-2021
12:51

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим  берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 

2020-жылдын 30-ноябрындагы

КОРУТУНДУСУ

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2020-жылдын 10-июнундага №321 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2019-жылдын 01-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөтүнүн (кир. №6-10236/20 15-июнь 2020-жыл) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө аудитинин отчетун  карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген ММК Фондунун 2019-жылга жана 2019-2020-жылдары бюджети кирешелер боюнча 15 234 805,7 мин сомду түздү божомолдонгон 15 720 544,3 мин сом ,ал эми чыгашалары божомолдонгон 15 720 544,3 мин сомдун ордуна 14 641 844,4 мин  сомду түздү.

Мамлекеттик камсыздандыруу үчүн багытталган республикалык бюджеттин түшүүсү божомолдонгон 11 129 175,1 мин сомдун ордуна10 739 174,6 мин сомду түздү.

Расмий трансферттерден алынган кирешелер 9258,3 мин сомду түздү, алардын ичинен эл аралык уюмдардан трансферттер 9602,4. мин сом.

Социалдык Фондунун бюджетинен алынган каражаттар 2 320 002,6 мин сом., ал эми божомолдонгон 1 388 285,3 мин сом.

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар 14 641 844,4 мин сом. Көрсөтүлгөн каражаттардын ичинен 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Аппаратынын муктаждыктарына 40 111,2 миң сом сарпталган.

ММК Фондунун Аймактык башкармалыктарын кармоого  82 535,7 миң сом сарпталган. 2216 бирдиктүү берене боюнча чыгымдарга 14 641 844,4 миң сом сарпталган, мамлекеттик программалар боюнча чыгымдарга (гемодиализ ж.б.) 861 663,3 миң сом сарпталган.

2019-жылдын 01-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетко ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөнкүлөрдү сунуштады:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылдагы аудиттин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма эскертүүлөрүн  аткарууну  камсыз  кылсын;

-медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардык багыттары боюнча өзүнчө эсеп жүргүзсүн жана тиешелүүгүнө жараша кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча каржылоону жүргүзсүн;

Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жиберилсин.

 

 

 Комитеттин төрагасы                                            Г. С. Молдобекова