Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 30-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

15-02-2021
12:09

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2020-жылдын 30-ноябрындагы

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык (2020-жылдын 24-ноябрындагы №576 токтом) берилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

ММК фондунун 2020-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 21-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамы менен кирешелер жана чыгашалар боюнча 16 009 829,9 миң сом суммасында бекитилген.  Ошол эле учурда, жыл ичинде Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдеринин негизинде төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты:

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген параметрлери жалпысынан 1 548 203,3 миң сомго көбөйөт, ошол эле учурда чыгымдар боюнча параметрлер да ушундай эле суммага жогорулайт. Башкача айтканда, ММК фондунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча параметрлери 16 009 829,9 миң сомдон 17 558 033,2 мин сомго чейин көбөйөт.

Киреше бөлүгү боюнча:

    Республикалык бюджеттен кошумча 2 117 576,1 миң сом каралат, анын ичинде 1 192 579,8 миң сом эпидемиянын очогунда же ага теңдештирилген аймактарда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында каржылоо үчүн бөлүнгөн, 214 400,0 миң сом өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган оорулууларды үзгүлтүксүз гемодиализ кызматы менен камсыз кылуу үчүн акы төлөөгө, 600 000,0 миң сом саламаттык сактоо уюмдары үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чыгымдарга байланыштуу пайда болгон кредитордук карыздарын жабууга, 110 596,3 мин сом саламаттык сактоо уюмдары үчүн жаңы ачылган жана профили өзгөртүлгөн инфекциялык бөлүмдөрдү каржылоого муктаждыктарды жабууга каралган.

Ошентип, республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине берилүүчү бекитилген ассигнованиялардын өлчөмү 2020-жылга карата кошумча бөлүнгөн каражаттарды эске алуу менен 2 117 576,1 миң сомго жогорулады, натыйжада бюджеттин такталган көлөмү 13 233 917,8 мин сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан ММКга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 423 359,2 мин сом суммасында такталды, жыл аягына чейин келип түшө турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшпөй калуусу күтүлгөндүгүнө байланыштуу, бекитилген бюджеттен 146 296,2 миң сомго азайтылды. Мындай азайтуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режиминин киргизилгендигинен улам (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу) жана чакан жана орто бизнес уюмдарынын жана ишканаларынын экономикалык ишмердигинин токтоп тургандыгынын натыйжасында жүргүзүлдү.

Чыгаша бөлүгү боюнча:

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгашалар боюнча милдеттенмелери Мыйзам менен 16 009 829,9 миң сом көлөмүндө бекитилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча кабыл алынган чечимдерге байланыштуу ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү медициналык кызматтарга акы төлөөнүн бекитилген консолидацияланган ченемдерин, ошондой эле 2020-жылга киреше булактарынан болжолдонгон келип түшүүчү  такталган көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, 17 558 033,2 мин сомду түздү, мунун өзү бекитилген бюджеттен 1 548 203,3 миң сомго көп.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөр Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары менен калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эсептешүүлөр боюнча чыгымдарга да таасирин тийгизди. Бекитилген бюджет менен ММК фондунун бюджетинен Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 15 851 829,9 миң сом көлөмүндө каражат каралган. Такталган бюджетте 17 413 435,5 миң сом каражат каралды, б.а. жалпысынан бул көрсөткүч COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларга саламаттык сактоо уюмдарына республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жана акы төлөнүүчү кызматтар боюнча келип түшүүчү каражаттардын пландык көрсөткүчтөрүнүн такталгандыгына байланыштуу 1 561 605,6 миң сомго жогорулады.

Ошентип, ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген параметрлери жалпысынан 1 548 203,3 мин сомго жогорулады, ошол эле учурда чыгашалар боюнча параметрлер да ушул эле суммага жогорулайт. Башкача айтканда, ММК фондунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча параметрлери 16 009 829,9 миң сомдон 17 558 033,2 мин сомго чейин жогорулады.

 

Код

Функциянын аталышы

 2020 –жылга бекитилген бюджет

 2020 жылга  такталган  бюджет

Айырма (+, -)

гр.4-гр.3

1

2

3

4

5

 

Всего:

16 009 829,9

 

17 558 033,2

1 548 203,3

70711

Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратуралар

362 149,2

362 149,2

0,0

70721

Жалпы профилдеги медициналык кызматтар

5 658 706,1

5 926 949,1

268 243,0

70722

Адистештирилген медициналык кызматтар

687 258,3

863 724,3

176 466,0

70723

Стоматологиялык кызматтар

395 636,0

212 991,4

-182 644,6

70731

Жалпы профилдеги ооруканалардагы кызматтары

5 127 229,1

6 261 550,6

1 134 321,5

70732

Адистештирилген ооруканалардагы кызматтар

2 114 313,3

2 035 832,2

-78 481,1

70733

 Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызматтары

327 718,8

337 690,9

9 972,1

70735

Балдар үчүн калыбына келтирүүчү ооруканалардын жана борборлордун кызматтары

669 170,4

658 850,4

-10 320,0

70741

Тез жана кечиктирилгис жардам станциялары

131 478,1

160 187,2

28 709,1

70751

Саламаттык сактоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштелмелер

152 833,6

189 830,2

36 996,6

70761

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

383 337,0

548 277,7

164 940,7

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1.«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрайымы                                            Г. С. Молдобекова