Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2020-жылдын 16-ноябрындагы тармактык комитет “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыкты

06-01-2021
13:29

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген, Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык  маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга  республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи өзгөртүү киргизүү коронавирустук инфекциянын пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Cоциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, төмөнкүдөй чечимге келди:

1. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жиберилсин.