Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 10-октябрындагы “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу комитеттин корутундусу

13-10-2016
14:59

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

 “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

КОРУТУНДУСУ

 

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2016-жылдын 17-июнундагы № 331 токтому) демилгеленген “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2015-жылдын 25-августундагы № 602/42/1 токтому менен бекитилген 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду ишке ашырууга карата иш-чаралар планынын 36-пунктун аткаруу үчүн колдонуудагы мыйзамдардын бир катар ченемдерин «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги:

  • долбоор билдирилген концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Коммерциялык сыр жөнүндө», «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Почта байланышы жөнүндө», «Банктык сыр жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө», «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө», «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу», «Лотереялар жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө», «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө».

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

- талап кылынбайт.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизанын атайын түрлөрү бөлүмүнүн корутундусу (сын-пикирлер жана сунуштар жок, көчүрмөсү тиркелет, кириш № 6-17903/16, 28.06.2016-ж.);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмү өзүнүн корутундусунда «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченем жаратуу техникасын жана ченемдик укуктук актыларды даярдоо талаптарын сактоо, ошондой эле мыйзам долбоорлорун тариздөөдө жана мыйзам чыгаруу техникасынын каражаттарын, эрежелерин жана ыкмаларын колдонууда бир түрдүүлүктү сактоо максатында, мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуш кылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмү “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу тууралуу, бюджет, салык жана башка алымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналарына көңүл бурат (көчүрмөсү тиркелет, кириш № 6-19707/16, 28.07.2016-ж.).

 

6. Көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар, эгерде алар бар болсо:

- жок.

 

7. Коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда, алардын натыйжалары боюнча сунуштар:

- жок.

 

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

- жок.

        

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

- жок.

 

10. Мыйзам долбооруна карата Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

22-берененин биринчи абзацындагы  “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” гезити, 2015-жылдын 24-февралы, № 7-8”  деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2014, №11, 1006-ст” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

23-берененин биринчи абзацындагы  “Эркин Тоо” гезити, 2015-жылдын 3-февралы, № 8” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2015, №1, 21-ст” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине  маалымат жана жалпылоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                               Т. Икрамов