Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин корутундусу

13-10-2016
14:54

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

 “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2016-жылдын 31-майындагы №289 токтому) демилгеленген “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт:

  1. Мыйзам долбоордун концепциясы:

Мыйзам долбоору калктын чет өлкөлүк валютага болгон муктаждыгын азайтуу, Кыргыз Республикасынын экономикасын долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыккан жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө укук мамилелерди жөнгө салуу бөлүгүндө мыйзам актыларына тийиштүү ченемдерди киргизүүнү, ошондой эле белгиленүүчү талаптарды бузгандык үчүн администрациялык жоопкерчиликти караштырат.

  1. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:
  • долбоор билдирилген концепцияга ылайык келет.
  1. Мыйзам долбоордо каралып жаткан коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
  1. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоо жыйынтыктары боюнча сунуштар:

- 2016-жылдын июлунда жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү (2016-жылдын 28-июнундагы №6-19700/16)  ченем жаратуу техниканы сактоо максатында мыйзам долбоорду “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүү керектигин белгилейт.

Мындан тышкары, бул бөлүм мыйзам долбоорунун 2-беренеси тарабынан сунушталган ченемдер жогорку деңгээлдеги коррупциягендүүлүктү администрациялык протокол түзүүчү, ишти кароочу, жазалоо чарасын жана максималдуу суммадагы айыпты аныктоочу кызмат жактары үчүн дискрециялык ыйгарым укуктар түрүндө камтып тургандыгын белгилейт.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналарына көңүл бурат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмү (2016-жылдын 1-мартындагы №6-5746/16) да мыйзам долбоорунун 2-беренесинде сунушталуучу ченемдер жогорку деңгээлдеги коррупциягендүүлүктү дискрециялык ыйгарым укуктар түрүндө камтып турарын белгилеп, мыйзам долбоорго коррупциялык факторлорду баалоочу баракты тиркешкен.

  1. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгер андайлар бар болсо:
  • жок.
  1. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгер өткөрүлгөн болсо:     
  • жок.
  1. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын мыйзам долбоорго сунуштары:
  • жок.
  1. Комитет мүчөсүнүн өзгөчө пикири:  - жок.

10. Комитеттин сын-пикири жана сунуштары:

4-берененин биринчи абзацындагы  "Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 14-апрели, № 31” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2015, №4, 327-ст” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун  концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине  маалымат жана жалпылоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                              Садык ШЕР-НИЯЗ