Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй чечимге келди:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- эмгекти коргоо боюнча Мамлекеттик программасыништеп чыгууну бүтүрсүн;
- 2025-жылга карата калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Мамлекеттикпрограммасын иштеп чыксын, згчиш издөө учурунда кыйынчылыктарга туш келишкен жарандарды иш менен камсыз кылуу чараларына кнл бурулсун (жаштар, ден соолугунун ммкнчлг чектелген адамдар, аялдар);
-илимий даражалар илимдин кандидаты үчүн 25 эсептик көрсөткүч, илимдин доктору үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көбөйтүү каралсын. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө эки жылдан бери каралып келе жатат;
- миграциялык саясаттын концепциясын иш-аракеттердин белгилүү программасыжанастратегиясы менеништепбүтүрсүн;
- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген этникалык кыргыздарга социалдык-экономикалык ресурстарга, анын ичинде, турак-жай жана жерге жетүүнү камсыз кылсын.
- А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын электрондук китепканасын иштетүүгө республикалык бюджеттен каражат каралсын;
- Капиталдык курулуш жана капиталдык оӊдоо тизмесине:
- Ош облусунун Өзгөн шаарындагы “Айчурок”, Ыссык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылындагы “Салтанат”, Талас облусунун Кара-Буура айылындагы “Семетей”, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы “Соӊ-Көл” кинотеатрлары;
- Баткен облустук жана Чолпон-Ата шаарындагы китепканалар киргизилсин;
- Чолпон-Ата шаарындагы Ыссык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейдин макамы жогорулатылсын;
- Ыссык-Көлдүн тегерегиндеги (Ыссык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунда) саймалуу таштарды (петроглифтерди) коргоо жана учеттоо боюнча тийиштүү иш чаралар кабыл алынсын;
- 2020-жылдын 1-сентябрына чейин 18 жаштан жогору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ичинен багууга дайыма муктаж болгондорго жеке ассистент кызматын жайылтуу маселесин карап чыксын;
- Кыргыз Республикасында Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтсүн;
- Балдардын укугун коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө, өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык түзүлүштөрүнүн штаттык санын көбөйтүү боюнча маселени карап чыксын;
- 2020-жылдын аягына чейин маалымат платформалары аркылуу жумушсуз жарандар үчүн оперативдик/дистанттык түрдө жумуш табуусуна шарттарды түзсүн.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын киреше сметалары кесилбесин.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жиберилсин.