Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
КОРУТУНДУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген “Кыргыз Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2016-жылдын 3-августундагы № 427 токтом) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, төмөндөгүнү белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун концепциясы мамлекеттик социалдык камсыздоо кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жумушчуларынын регламентациясын аныктоого багытталган.
2. Мыйзам долбоорунун билдирилген концепциясынын мазмунуна ылайык келиши:
- ылайык келет.
3. Мыйзам долбоорлору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
- кажети жок.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык өткөрүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусуна (№ 6-121598/16, 2016-жылдын 15-сентябры) ылайык мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускаманын талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө редакциялык сын-пикирлер айтылган;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизанын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн корутундусу (№ 6-22474/16, 2016-жылдын 29-сентябры) боюнча сын-пикир жана сунуштар жок.
6. Эгерде андайлар болсо, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Алар жүргүзүлгөн учурда өткөрүлгөн коомдук талкуулоолордун натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-жок.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунуштары:
- 2016-жылдын № 139 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында окшош ченемдер киргизилгенин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан “Кыргыз Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун кароодо, бул Мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча Комитеттин сунушун колдоо суралсын;
2) Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.
Комитеттин төрагасы Садык ШЕР-НИЯЗ