Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 3-октябрындагы комитеттин Корутундусу. “2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/0337-809) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

06-10-2016
10:59

 

“2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/0337-809) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

             Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

КОРУТУНДУСУ

 

        Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 30-августундагы № 467 токтом) “2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/0337-809) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (мындан ары – Комитет) төмөнкүлөрдү белгилейт.

         1. Мыйзам долбоорунун концепциясы билим берүү секторунда түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашырууну ратификациялоого багытталган.

         Эл аралык макулдашуунун алкагында 2016-2018-жылдарга 36,0 млн. евро өлчөмүндө Кыргыз Республикасына гранттык жардам жөнүндө.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

         - ратификациялык макулдашуунун башкы максаты Европа бирлигинин билим берүү секторунун айкындуулугун, борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде, анын ичинде жатак-мектептерде жана өзгөчө керектөөлөрү бар балдарды багуу боюнча мекемелерде мамлекеттик башкаруунун отчеттуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” программасын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү болуп саналгандыктан ылайык келет.

         3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

         -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

         -“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         -“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

         4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

         -жок.

         5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык өткөрүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

         -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн (2016-жылдын 15-сентябрындагы № 6-21631/16) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн (2016-жылдын 20-сентябрындагы № 6-21970/16) корутундулары тиркелет.

         6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундулары боюнча сунуштар:

          -жок.

         7. Алар өткөрүлгөн учурларда өткөрүлгөн коомдук талкуулоолордун натыйжалары боюнча сунуштар:

         - коомдук талкуулоо өткөрүлгөн жок.

         8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын Мыйзам долбооруна сунуштары:

         -жок.

         9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

         -жок.

         10. Комитеттин сунушу: Комитеттин Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

         1. “2016-жылдын 19 - апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/0337-809) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

         2. Комитеттин ушул корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

 

Комитеттин төрагасы                                              Садык ШЕР-НИЯЗ