Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 20-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу парламенттик угуу өткөрдү

24-12-2019
12:30

 

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата парламенттик угуулардын сунуштамасы

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин, көзкарандысыз эксперттердин, граждандык сектордун өкүлдөрүнүн докладдарын жана сунуштарын угуп, Парламенттик угуулардын катышуучулары сунуш кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Парламенттик угуулардын жүрүшүндө айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен  кабыл алуу сунушталсын.