Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 16, 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С. Молдобекова баш болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Аскарова жана комитеттин бөлүмү, тиешелүү органдар, министрлер, ведомстволор менен Талас областына жана шаарына иш сапар менен чыгып келди

24-12-2019
11:28

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С. Молдобекова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Аскарова, Бакай-Ата районундагы бир катар мектептер менен оорукананын ахвалы менен таанышышты. Боо-Терек айылындагы Дүйшөбаев атындагы орто мектептин өздүк чарбасын бүткүл республикага үлгү кылса болот. Балдардын тамак-ашын толугу менен өздөрү камсыз кылууга жетишкен. Жашылча-жемиштин түрүн айдап өстүрүшөт. Практикалык сабак өткөрүү да жакшы салтка айланган. Мындагы көйгөй ашар жолу менен салынган 150 орундук мектепте 400 бала батышпай жаткандыгы. Мектептин имараты талапка жооп бербейт.

Ал эми Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашев атындагы мектепке жаңы имарат курула баштаган. Курулушу 2014-жылы башталыптыр. 375 орундук, жалпы наркы 102млн сом турган бул мектептин курулушу акыркы 5 жылдын аралыгында болгону 25-30 процентке кана каржыланган. Дагы 63 млн сом бөлүнүүгө тийиш. Эгерде дагы ушундай эле жылыга 5-10 млн сомдон бериле турган болсо, дагы ондогон жыл күтүүгө туура келеби деген суроо коюшту. Ал эми эски имаратынын курулганына 90 жыл болгону менен мектептин жамаатынын аракетинин аркасында жакшы сакталыптыр. Азырынча окуучуларды окутууга мүмкүнчүлүктөр бар экен. Класстары таза, жарык жана жылуу.

Бакай-Ата айлындагы жалпы хирургиялык борбордун хирургия бөлүмүнүн имараты көгөрүп, палаталарды ным басып, үстүнөн тамчы таамп турат экен. Имарат думугуп, аба алмашпай, оорулуулар менен дарыгерлердин дем алуусун кыйындатат экен. Имараты 2000-жылдардын башында эле курулуптур. Курулуш нормалары сакталбай курулгандыктан имаратты колдонуу кыйынчылыкка турууда. Желдеткич системасын жакшылап оңдоп чыгууга анча деле көп каражат талап кылынбайт. Болгону жакшылап көңүл буруп, адистерди жиберип, себептерин аныктап чара көрүү керек.

Андан соң депутаттарга бир учурда менчиктешип кеткен Өзгөрүш айылындагы маданият үйүн көрсөтүштү. Өкмөт кайра сатып алып, айылдагы соцобьектилерге берсе дешет.

Бакай-Ата районундагы мына ушул обьектилердин ахвалы менен таанышкандан кийин депутаттар облусттун активи менен бирге "Жалпыга билим берүү уюмдарындагы тамак-ашты оптималдаштыруу тууралуу, мектептен тышкары билим берүү жөнүндө, ошондой эле жалпыга билим берүү жана маданий мекемелеринин обьектилеринин курулушу жана оңдолушу боюнча кыдаал тууралуу" Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы чечиминин аткарылышы тууралуу маселени талкууга алды.

Жыйындын жүрүшүндө Талас облусундагы социалдык обьектилердин абалы, жүргүзүлүп жаткан курулуштар, капиталдык ремонтту талап кылган маселелер, жалпы эле билим берүү, саламаттыкта сактоо жаатында орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча эл депутаттары маңдай-тескей отуруп пикир алмашышты.

Эл тарабынан айтылган маселелер эми комитеттин чечими менен өкмөттүн кароосуна жөнөтүлөт.