Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 3-октябрындагы комитеттин Корутундусу. «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

05-10-2016
14:27

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

КОРУТУНДУСУ

«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу 

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 11-февралындагы № 59-токтому) тарабынан демилгеленген жана «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынганы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, кайта иштелип чыккан «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзамдын долбоору мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталганын белгилейт.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык жана баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

  1. «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна үчүнчү окууда киргизилсин (тиркелет).
  2. Ушул Мыйзамдын долбоору жөнүндө маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Ниязга тапшырылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри чакырылсын.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        Садык ШЕР-НИЯЗ