Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 3-октябрындагы комитеттин Корутундусу. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

04-10-2016
11:51

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин

 

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча

КОРУТУНДУ

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2016-жылдын 25-февралындагы № 83-токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 912-VI токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Мыйзам долбооруну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы бирин-бири кайталоону, карама-каршылыктарды жана мүчүлүштөрдү четтетүүгө багытталганын белгилейт.

Үчүнчү окууга даярдоодо бул Мыйзам долбоору боюнча сын-пикир же сунуш берилген жок.

Жогоруда баяндалгандын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкү корутундуга келет:

1) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кабыл алуусу сунушталсын (тиркелет);

2) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С. Шер-Нияз баяндамачы болуп аныкталсын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы чакырылсын.

 

Комитеттин төрагасы                                     Садык ШЕР-НИЯЗ