Жогорку Кеңеште өткөн “Медицинанын келечеги жаштардын көзү менен” аталышындагы 1 шаардык медициналык жаштар форумунда медицина чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан жаштардын пикири угулуп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүө медицина тармагында иштеген жана билим алган жаштардын абалын жеңилдетүү жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.
Эске салсак, жаштар форумунун жүрүшүндө билим берүү шарттарынын начардыгынан студенттер арасында чет өлкөдө билим алууну каалагандар арбын экени белгиленди. Өз аракети менен чет өлкөдө билим алган студенттер, тилекке каршы, ошол жакта калып калууда. Адистердин пикиринде, мамлекет кайра келип, мекенинде иштеп берүү талабы менен студенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү программасын иштеп чыгуусу кажет.
Иш-чараны демилгечиси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Жекшнбаевна Исмаилова иш-чарада жаштарга байланыштуу олуттуу маселелер көтөрүлгөнүн, анын жыйынтыгында кабыл алынган резолюция Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде да каралып, анын чечими Өкмөткө, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге да жөнөтүлөрүн айтты.