Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 26-сентябрындагы комитеттин Корутундусу. "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору жөнүндө

04-10-2016
11:43

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин

"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2016-жылдын 24-августундагы № 457 токтом) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык саясат боюнча комитети, республикалык бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы №505-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2017-жылга  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясында жана 2017-2018-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2017-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилишин эске алуу менен, иштелип чыкканын белгилейт.

 2017-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 126 828 552,6 миң сом каралып жатат, чыгашалары 150 150 490,9 миӊ сом каралып жатат. 2016-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 23 321 938,3 миӊ сом каралып жатат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылга  долбоору бюджеттик каражаттар боюнча  20749,4 млн сом суммасында, же 2016-жылга салыштырмалуу 4701,4 млн сомго өсүү менен болжолдонот.

                                                                                                                                       

Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратынын чыгымдары 2017-жылга  50,3 млн сом суммасында болжолдонот, же 2016-жылга караганда  15,5 млн сомго көп. Борбордук аппараттын чыгымдарынын  15,5 млн сомго өсүшү төмөндөгүлөр менен түшүндүрүлөт: 

         - 7.9 млн сом – мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр Реестрине кирбей калган атайын каражаттарды бюджетте орун алуусу;

         - 7,6 млн сом – кызматтык машиналарды тейлөө боюнча жана (МОП жана ТОП кызмат акысы, жуугуч каражаттар, чарбалык,  сантехникалык товарлар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) боюнча ишканалар менен  ортосундагы келишимди аткарууга.

         Билим берүүнүн ведомстволук мекемелеринин чыгымдары 19615,3 млн сом суммасында болжолдонот, же 2016-жылга салыштырмалуу, 2015-жылдан баштап мугалимдердин, 2016-жылдын сентябрынан жана  2017-жылдын сентябрынан баштап МОП жана ТОПтордун эмгек акыларынын 15%   жогорулашына байланыштуу  соцфондго чегерүүлөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу 4656,7 млн сомго өскөн.

 2017-жылга бюджеттин долбоорунда  төмөнкү иш-чараларга каражаттар каралган (2016-жылдын деңгээлиндеги чыгымдар):

- 1-4-класстын окуучуларын тамактандырууну уюштурууга - 435,0 млн сом;

- жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга 120,0 млн сом;

- жалпы билим берүүчү мектептерди учурдагы оңдоого - 100,0 млн сом;

- компьютерлерди жана мектеп эмерегин сатып алууга  – 137,5 млн сом;

- жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алууну уюштурууга – 5,0 млн сом;

- “Жаш мугалимдин депозитин ” төлөөгө - 7,0 млн сом;

- окуучулардын республикалык Олимпиадасына жана тестирлөөгө - 18,0 млн сом.

 Билим берүүнүн башка мекемелери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жаӊыдан ачылган балдардын мектепке чейинки мекемесине (бала бакча) 8,1 млн сом суммасында каражат каралган. 

 

2017-жылга   бюджеттин долбоорунда Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги боюнча чыгымдар  1109,9 млн сом суммасында каралган, же 2016-жылга салыштырмалуу  9,2 млн сомго өскөн.

2017-жылы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинде кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн экинчи  долбоору улантылууда (АѲБ),  өнүктүрүү бюджетинин суммасы  628,4 млнсом.

 2017-жылга атайын каражаттар 3526,6 млн сом суммасында болжолдонууда, же 2016-жылга салыштырмалуу 1020,5 млн сомго өскөн (40,7%). Атайын каражаттардын көбөйүшү, Билим берүү министрлигинин юридикалык жак статусуна ээ түзүмдүк бөлүктөрүнүн кайра түзүлүүсү жана жумушсуз калкты окутуу үчүн КТББга (АПТО) түшүүлөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.

 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик  (вед.билим берүү мек.) 

 

2017-жылга бюджеттин долбоорунда Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги Республикалык училищанын (РУОР) бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча 56,5 млн сом каралган, же 2016-жылдын деңгээлине карата 2,1 млн сомго өсүү менен. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чыгымдары  2017-жылга 307,3 млн сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 292,4 млн сом, атайын каражаттар 14,9 млн сом же 2016-жылдын деӊгээлинде болду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында 21 базалык институт жана 9 борборлордун илимий мекемелери  бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 01.04.2015-ж. №4939-V токтомуна ылайык Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны кайра конструкциялоого 10,0 млнсом каралган.

Ушундан улам, 2017-жылга карата  Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын  бюджетинин долбоору боюнча 2111 «Эмгек акы» берене  боюнча - 74487,1 миң сом, 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр»  берене боюнча - 12849,0 миң сом,  2231 «Коммуналдык кызматтарга төгүмдөр» берене боюнча  - 2870,0  миң сом,  бардыгы болуп  90206,1   миң сом. кошумча каражат талап кылынат.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чыгымдары 2017- жылга 10,3 млн сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 5,5 млн сом, атайын каражаттар 4,8 млн сом же 2016-жылдын деӊгээлинде болду.

Ушундан улам, 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык  комиссиясы бюджетинин долбоору  боюнча 2111 «Эмгек акы» беренеси боюнча -  53  миң сом, 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр»     беренеси  боюнча – 23  миң сом,  2213 «Ижара акысы» беренеси  боюнча – 102  миң сом, 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу»  беренеси боюнча- 175  миң сом, 2222 «Учурдагы чарбалык максаттарга предметтерди жана материалдарды сатып  алуу»  беренеси боюнча – 75 миң сом,   бардыгы болуп  - 428  миң сом кошумча каражат талап кылынат.

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги боюнча, аппарат жана ведомстволук уюмдарды кошкондо, 2017-жылга 2021,1 млн сом суммасында каралган,  2016-жылдын бекитилген планына карата 131,2 млн сомго  көбөйүү менен, же  106,9 %, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен  чыгымдар 1859,3 млн сом, же өткөн жылдын бекитилген планына салыштырмалуу 169,3 млн сомго  көбөйгөн.

                                                                                                                     

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  ведомстволук  мекемелери боюнча 2017-жылга чыгымдар 802,7 млнсом суммасында долбоорлонгон, алардын ичинен бюджеттик каражаттар боюнча  710,7 млнсом, 2016-жылы музейлердин материалдык-техникалык  базасын бекемдөөгө каралган  20,6 млн сом суммасындагы каражатты эсепке албаганда. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чыгымдары 2017-жылы төмөнкүлөргө багытталат:

- маданияттын ведомстволук мекемелерин каржылоо - китепканалар, музейлер, театралдык-оюн-зоок мекемелери жана башка республикалык, облустук жана райондук  масштабдагы мекемелер (спектаклдерди коюу, декорацияларды даярдоо, китепкана фондун толуктоо, музейдеги экспонаттарды жаңылоо, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын маданият күнүн өткөрүү жана  Азербайджанда, Татарстанда, Россия Федерациясында маданият күнүнө катышуу), Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 “Маданият жөнүндө” Мыйзамына ылайык;

- А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана  балет театрынын  кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга кошумча 35,0 млн сом каралган.

- улуттук кинематографияны сактоо, өнүктүрүү жана популяризациялоо боюнча иш-чараларды каржылоо - Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 2-октябрындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык,  көркөм, документалдуу фильмдерди жаратуу, фильмдердин, анимациялык фильмдердин дубляжын жаратуу;

 «Тайлак Баатыр» толук метраждуу тарыхый фильмди жаратууга 70,0 млн сом каралган.

- облустук телерадиокомпанияларды жана облустук жана райондук гезит жана журналдардын редакциясын каржылоо (санариптик берүүгө өтүү алкагында телерадиопрограммаларды трансляциялоо боюнча төлөм, облустук жана райондук деңгээлдеги гезит жана журналдардын чыгаруу).

Телеберүү жана радиоуктукруунун радиолиниялык магистралдарынын өндүрүштүк бирикмесинин республикалык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө, санариптик көрсөтүүгө өтүү алкагында, Социалдык пакетке кирген телерадиопрограммаларды трансляциялоо үчүн - 154,9 млн сом жана телерадиокомпанияларды техникалык модернизациялоо үчүн - 100,0 млнсом каралган (санариптик телерадиоберүүгө өтүү  программасы).

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында турган объектерди капиталдык оӊдөөго “Имараттар жана курулмалар” берене боюнча 2017-жылга 392,9 млн сом керектелип жатат, “жаӊы жаркын таланттарды” аныктоого конкурсту өткөрүүгө “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу” - берене боюнча кошумча 20,0 млн сом керектелинет.

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү  корпорациясы боюнча чыгымдар  2017-жылга  447,0 млн сом суммасында долбоорлонгон, 2016-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 12,6 млн сомго көбөйүү менен, же 102,9 % .      

Чыгымдардын көбөйүүсү, телерадиопрограммаларды трансляцииялоо үчүн  санариптик телерадиоберүүгө өтүү алкагында,  Социалдык пакетте жаңы каналдардын ачылышына,  техникалык камсыздоону модернизациялоого, телевизиондук көчмө  студия сатып алууга  байланыштуу болду.

 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик

 (вед.маданий мек)

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (вед.мадан.) 2017-жылга контролдук цифра 449,6 млн сомду түзөт, анын ичинен XXXI жайкы Олимпиядалык оюндарга жана футболу  боюнча эл аралык матчтарга катышууга, даярданууга жана өткөрүүгө каралган  100,0 млнсомду эсепке албаганда.

Окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө байланыштуу  “Кызматтык чыгууларга чыгымдар”, “Тамак-аш продуктуларын сатып алуу” жана  “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”  беренелери боюнча чыгымдарга, тийиштүү түрдө  142,2 млнсом, 77,2 млнсом  жана 64,8 млнсом каралган.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына 2017-жылга бардыгы болуп 188,7 млн сом караштырылган, анын ичинен 188,3 млн сом бюджеттик каражаттардан, 0,4 млнсом атайын каражаттардан турат.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына 188,3 млн сом бюджеттик каражаттардан 70,0 млн сомду атайын каражаттарга которууну суранат, анын ичинде:

- 2111 “Эмгек акы” беренеси боюнча 38,2 млн сом;

- 2121 “Социалдык фондго төгүмдөр” беренеси боюнча 6,6 млн сом;

- 2211 «Кызматтык сапарларга чыгымдар” беренеси боюнча 1,0 млн сом – Евразия патенттик ведомствосунун административдик кеңешине катышуу (Москва ш.), Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы ассамблеясы (Женева ш.), Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттер аралык кеңешине катышуу, ошондой эле семинарларга, симпозиумдарга жана конференцияларга катышуу үчүн эксперттердин чет өлкөлөргө баруулары, ошондой эле өлкө ичиндеги иш сапарлар;

- 2212 «Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү» беренеси боюнча 0,7 млн сом – почтолук кызмат көрсөтүүлөр, интернет жана телефондордун абоненттик төлөмдөрү;

- 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” беренеси боюнча 20,5 млн сом – Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу, 2017-жылга иш-чаралардын жылдык планын ишке ашыруу, чарбалык жана күндөлүк чыгымдар;

- 3112 «Машиналар жабдуулар» 3,0 млн сом – сервердик жабдууларды жана иш техникасын алуу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 

         Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук сандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджети боюнча 2017-жылга 526 003,6 миң сомду түзөт, КР ДСА буюртмасы 944 376,9 миӊ сомду түзөт, суммасынын айырмалары  418 373,3 миң сом болду. 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү суранат:

- 2111 - «Эмгек акы” берене боюнча - 8 437,8 миң сом;  

         - 2121 «Социалдык фондго чегерүү” берене боюнча  - 1 185,8 миң сом; 

         - 2211 «Кызматтык кыдырууларга чыгымдар” берене боюнча - 213 088,7 миң сом;

         - 2212 «Байланыш кызматтары» берене боюнча - 528,0 миң сом;

         - 2213 «Ижара акысы» берене боюнча - 13 457,7 миң сом;

         - 2214 «Транспорттук кызматтар» берене боюнча - 132,0 миң сом;

         - 2215 «Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» берене боюнча - 49 399,2 миң сом. Дене тарбиясынын жигердүүлүгүн жана калктын ар кандай категориядагы топторунун сергек жашоо ыңгайын кеңири таанытуу үчүн жана медалдарды, дипломдорду, кубокторду жана башка сыйлоо атрибуттарын сатып алууга жумшалат;

- 2217 «Дары-дармектерди сатып алуу» берене боюнча - 200,0 миң сом;   

- 2218 «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» берене боюнча - 61 619,1 миң сом; 

         - 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого чыгымдар» берене боюнча - 1 960,3 миң сом. Мамагенттиктин карамагында 21 дене тарбия жана спорт мекемеси бар. Муну менен бирге бардык объекттер учурдагы оңдоону талап кылат.

         - 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды сатып алуу” берене боюнча – 5758,5 миӊ сом. Иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн объекттерди камсыз кылуу үчүн керектелет.

         - 2223 «Мүлктүк буюмдарды жана башка формалык жана атайын жабдууларды сатып алуу, тигүү жана оңдоо» берене боюнча - 5 242,9 миң сом. Мамагенттик системасындагы дене тарбия жана спорт мекемелеринде 12 000 ашык адам окуйт, аларды спорттук экипировка менен камсыз кылуу зарыл. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын спортсмендери туруктуу негизде эл аралык спорттук-массалык мелдештерге катышып турат, алар үчүн бирдиктүү экипировка талап кылынат, бул Кыргыз Республикасынын кадыр-баркына сөзсүз таасир тийгизет;

         - 3111 «Имараттар жана курулуштар» берене боюнча  - 40 000,0 миң сом. Узак жылдар бою республикалык бюджеттен Мамагенттиктин балансында турган имараттарды жана курулуштарды учурдагы оңдоого каражат каралган эмес.

- 3112 «Машиналар жана жабдуулар» берене боюнча - 15 000,0 миӊ сом. Бул иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн дене тарбия жана спорт мекемелерин камсыз кылуу жана спорттук шаймандарды сатып алууга;

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин чыгымдары 2017-жылга 249,1 млн сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 227,5 млн сом, атайын каражаттар 21,6 млн сом же 2016-жылдын бекитилген бюджетине карата өсүш 22,4 млнсом.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы   № 626-р буйругуна ылайык  Кыргызстан тууралуу документтерди табуу үчүн 2,4 млнсом, ошондой эле кайтарууну камсыздоого -10,0 мл.сом жана өрт коопсуздугун камсыздоого -10,0 млнсом каралган.

Архив агенттигинин кошумча 71034,6 миң сом бөлүп берүүсүн суранат. Анын ичинен:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июлундагы    № 352-р тескемесин Өкмөттүн аппаратынын архив сактоочу жайын жана Борбордук мамлекеттик архивин жабдуу бөлүгүн аткаруу үчүн кошумча 2084,6 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү.

Анын ичинен:

- 2221 «Ремонт иштерине чыгымдар» - 494,6 миң сом;

- 2222 «Предметтерди жана материалдарды сатып алуу» - 860,0 миң сом;

- 3112 «Машиналар  и жабдуулар» -730,0 миң сом.

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 626-р, тескемесине ылайык, Борбордук мамлекеттик архивге температуралык-нымдуулук режимин сактоочу системаны сатып алууга 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренеси боюнча кошумча 20 600,0 миӊ сом керектелинет. Мамлекеттик архивдердин имараттарын капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 3111 «Имарат жана курулма» беренеси боюнча 48 350,0 миң сом кошумча каражат керек.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

                                                                                                                                

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги боюнча чыгымдар  2017-жылга  4298,8 млн сом суммасында каралган, алардын ичинен бюджеттик каражаттар боюнча 2490,8 млн сом,атайын каражаттар боюнча – 846,3 млн сом, өнүктүрүү бюджети 961,7 млн сом.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине (саламаттык сактоо вед.) 2222,8 млн сом каралган, же 2016-жылдын бекитилген планына салыштырмалуу чыгымдар 371,0 млн сомго азайган. Четтөө инвестициялык иш-чараларга сатып алуулар планы боюнча SWAp-2 грантынын пландалган каражаттарынын чыгымдарынын азаюусуна байланыштуу болду. 2017-жылга бюджетинин долбоорунда  гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө  – 225,0 млн сом,  кант оорусуна каршы препараттарга (инсулин) – 194,0 млнсом, жогорку технологиялар фондуна  – 226,5 млн сом каралган.

2017-жылга бюджеттин долбоорунда  SWAp- 2 гранты боюнча Ден- соолук саламаттык сактоо программасын  реформалоо боюнча аткарууга, инвестициялык жана учурдагы чыгымдарга   6,75 млн АКШ долл. суммасында каражат каралган. 

Мындан тышкары, атайын каражаттар боюнча 846,3  млн сом суммасында түшүүлөр пландалган. Өнүктүрүү бюджети боюнча план 961,7 млн сом суммасында пландалган, же 2016-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 253,8 млн сомго көбөйгөн.

Саламаттык сактоонун 2017-жылга жалпы керектиги 3542,5 млн сомду түзөт. 2017-жылдын республикалык бюджеттин долбооруна 2490,8 млн сом каралууда. Ошондуктан дефицит 1051,7 млн сомду түздү.

Жогорку технологиялар фонду боюнчакошумча 100,0 млн сом керек, анын ичинде иммуносупрессорлорду (органдарды трансплантациялоону башынан өткөргөн ооруларда органдарынын зордук менен бөлүнүп кетүүсүн алдын алуучу дарылар), онкологиялык жана гематологиялык оорулууларга химиопрепараттарды, кардиохирургиялык, нейрохирургиялык операцияларды камсыздоого кымбат медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга жана иммуногистологиялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө.

АИВ-инфекциясына каршы күрөшүү иш-чараларына 54,3 млн сом керек.

Жыл сайын кант диабети менен ооругандардын саны көбөйүшүнө байланыштуу диабетке каршы препараттарды жана аларды саюучу каражаттарды сатып алууга 2017-жылга 100,0 млн сом кошумча каралышы керек.

Саламаттык сактоо уюмдарындагы авариялык шарттарды жокко чыгаруу үчүн 2017 жылга капиталдык ремонтко 100,0 млн сомдон көп каражат керек.

Саламаттык сактоо секторунда КFW билатералдык проекттери боюнча финансылык кызматташтыктын чегинде Өзгөчө Макулдаштыгына ылайык, Кыргыз Республикасы тарабынан төмөндөгү суммадагы салымдар болушу керек:

  • «Шашылыш медициналык жардам 1», «Шашылыш медициналык жардам 2», «Энеликти жана балалыкты коргоо - IV, V» проекттери, «Кургак учук 5» программасы боюнча, Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынын курулушун бүтүрүүгө  - 59,3 млн сом караштырыш керек.

Онкологиялык ооруларды нур менен дарылоо үчүн 238 млн сом турган сызык тездеткич жабдуусун сатып алуу өтө зарыл болууда.

Тубаса гипотиреоздун неонаталдык скринингине жыл сайын 40 млн сом караштырыш керек.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Милдеттүү медициналык  камсыздандыруу фонду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча 2017-жылга бюджеттин долбоорунда чыгымдар - 10808,3 млн сом суммасында каралган, анан ичинде бюджеттик каражаттар боюнча 9 273,2 млн сом, же  2016-жылдын бекитилген бюджетине  салыштырмалуу  86,0 млн сомго өсүү менен. 

Алардын ичинен мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дарылык камсыздоону төлөөгө 55,0 млн сом; 24,0 млн сом – биринчи катардагы туберкулёзго каршы  препараттарды сатып алууга; 33,4 млн сом туберкулёзду лабораториялык  диагностикалоого реактивдерге жана  чыгымдык материалдарга жана техникалык  тейлөөгө; 20,0 млн сом – мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында, калкка атайын жардам (наркологиялык жана  тери-венерологиялык) көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүнө; 10,0 млн сом – шашылыш консультативдик  медициналык жардам  бөлүмдөрүнүн чыгымдарына  (санитардык  авиация).

Бюджеттик каражаттар боюнча 86,0 млн сом суммасында көбөйүү, өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин терминалдык стадиясы менен ооруп, жеке менчик медициналык борборлордо акы төлөп дарыланып жаткан жана саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарындагы толук бюджеттик гемодиализге которулууну күтүп жаткан оорулууларга жеңилдетилген гемодиализдик дарылоо менен камсыздоо боюнча  кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө, ошондой эле гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн алууда пациенттердин чыгымдарын азайтууга байланыштуу;

Атайын каражаттар боюнча түшүүлөр 1 535,1 млн сом суммасында каралган, 2016-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу  440,2 млн сомго көбөйүү менен. 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлиги

2017-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 791,0 млнсомго өсүш менен 9 043,7 млн сом суммасындагы акча каражаты каралган, анын ичинен:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 791,0 млнсомго өсүш менен 9 025,3 млн сомду;

- атайын каражаттардын эсебинен 2016-жылдын бекитилген бюджетине карата 7,5 млнсомго өсүш менен   18,4 млн сомду түзөт;

-  мамлекеттик инвестициялардын каражаттарынын эсебинен чыгашалар каралган эмес.                                                                  

Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын 791,0 млн сом суммага өсүшү, 2017-жылдын 1-ноябрынан баштап кепилденген минималдык кирешенин өлчөмүн белгиленген өлчөмдөн 10% га жогорулатууну пландоого байланыштуу, башкача айтканда,  900 сомдон 1000 сомго чейин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайынкы жөлөк пул өлчөмү (ЕПМС).

Чыгымдардын негизги үлүшүн (89 %), калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө байланыштуу, же суммалык туюнтууда 8 018,7 млн сом.

Чыгымдар төмөнкү социалдык төлөөлөрдү жана социалдык кызматтарды ишке ашырууга багытталат:

1. Мамлекеттик жөлөкпул –  6 031,4 млн сом.

2. Компенсациялык төлөөлөр жана жеңилдиктер - 1 353,5 млн сом

3. Социалдык камсыздандыруу – 547,7 млн сом

4. Калктын жумуштуулугунун активдүү жана  пассивдүү саясаты (жумушсуздук боюнча жөлөкпул, акы төлөнүүчү коомдук иштер,жумушсуздарды окутуу жана кайра окутуу)  - 86,7 млн сом.

5. «Мамлекеттик социалдык заказдар жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында социалдык кызматтарды өнүктүрүү - 22,0 млн сом

6. Социалдык стационардык мекемелер (улгайгандар жана майыптар үчүн жатак үйлөр) – 400,2   млн сом

7. Администрациялоо – 598,0 млн сом.

"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2016-жылдын 15-сентябрындагы катка ылайык (кир. №  21553/16) Министирликтин сунуштары же сын-пикирлери жок.

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык  фонду

Калкка   жеӊилдетилген (мөөнөтүнөн мурда) пенсиялык камсыздоо боюнча, аскер кызматкерлерине  пенсияларды төлөө,  пенсияга жана компенсацияга  үстөк акы боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди  аткаруу үчүн, ошондой эле республикалык бюджетке пенсиянын базалык бөлүгүн этаптуу түрдө чегерүүнү каржылоо, башкача айтканда, ассигнованиелер (трансферттер)  республикалык бюджеттен 2017-жылга   17 522,0 млн сом  суммасында каралган.                                                                            

Республикалык бюджеттен социалдык фондго ассигнованиелердин чыгымдарынын  475,6 млн сом суммасында өсүшү 2017-жылы жалпы керектөөнүн 100%  өлчөмүндө пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоону республикалык бюджетке которууга байланыштуу.

"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2016-жылдын 15-сентябрындагы катка ылайык (кир. №  21544/16) Социалдык фондунун сунуштары же сын-пикирлери жок.

 

         Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик миграция  кызматы

         Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Миграция мамлекеттик кызматын (Борбордук аппарат, КРӨгө караштуу ММКнын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүк, Маалыматтык-консультациялык борбор) күтүүгө 2017-жылга бюджеттик ассигнованиелер 67,0 млнсом суммада каражат каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттар 65,6 млнсом. Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын ишин камсыздоого 2017-жылдын бюджетинде 25,9 млн сом каралган, анын ичинде эмгек акы фондуна 5,9 млн сом кошумча каралган.

 

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

 

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы боюнча 2017-жылга чыгымдар, 2016-жылдын бекитилген планына салыштырмалуу 4,0 млн сомго, же 117,3% кѳбѳйүү менен 27,1 млнсом суммасында каралган. Анын ичинде бюджеттик каражаттар - 25,9 млн сом, атайын каражаттар - 1,2 млн сом.

Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын 2,8 млн сомго кѳбѳйүүсү, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат концепциясына ылайык,  республиканын 6 облусундагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  ѳкүлчүлүктѳрүнүн ишин уюштурууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча чыгымдардын 1,2 млн сомго  кѳбѳйүүсү  республиканын 6 облусундагы дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын  ѳкүлчүлүктѳрүнүн ишин уюштурууга байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынбайт.

 

 Баяндаманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

         1. "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизилсин.

2. Ушул Мыйзамдын долбоорун кароодо, Комитеттин кошумча каржылоо жөнүндө сунуштарын колдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан суралсын:

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына кошумча 43488,0 миӊ сом берилсин:

         - 2111 «Эмгек акы» берене  боюнча – 37243,5 миң сом;

         - 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр»  берене боюнча – 6244,5 миң сом;

         б) Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына кошумча 428,0 миӊ сом берилсин:

         - 2111 «Эмгек акы» берене боюнча -  53  миң сом;

         - 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр»     берене  боюнча -23  миң сом;

           - 2213 «Ижара акысы» берене  боюнча – 102  миң сом;

         - 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу»   берене боюнча- 175  миң сом;

         - 2222 «Учурдагы чарбалык максаттарга предметтерди жана материалдарды сатып  алуу»  берене боюнча – 75 миң сом;

в)    Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинине кошумча 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу»   - 10.0 млн сом кинону өндүрүүгө берилсин;

г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына 2017-жылга бюджеттик каражаттар 118329,3 миӊ сомго, атайын каражаттар 70370,0 миӊ сомго белгиленсин;

д) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттин 2017-жылга капиталдык салымдар боюнча каражаттарды бөлүштүрүүдө  Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын жаӊы имаратын курууга 100,0 млн сомду караштырсын;

ж) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 3112 «Машина жана жабдуулар» беренеси боюнча каралган каражаттардан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга китеп чыгаруу үчүн 3,0 млн сом сумма бөлүнсүн;

з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук онкология борборуна сызык тездеткич жабдуусун алууга 238.0 млн. сом караштырсын.

3. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине  жиберилсин.

 

Комитеттин төрагасы                                     Садык ШЕР-НИЯЗ