2019-жылдын 18-ноябрындагы “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

27-11-2019 16:41

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 18-ноябрындагы

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А. Т. Мамашева, А. Т. Алтыбаева, Г. К. Асылбаева, Д. Ш. Исаева, А. Ж. Исмаилова, И. Ю. Карамушкина, А. К. Касымалиева, А. С. Кодуранова, М. Э. Мавлянова, Г. С. Молдобекова, Ж. А. Мусабекова, Н. В. Никитенко, А. Ш. Осмонова, К. Б. Орозова, Самат Гульнара-Клара, А. Э. Самигуллина, Е. Г. Строкова, Э. Ж. Сурабалдиева, А. А. Аскаровалар тарабынан демилгеленген “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) (2019-жылдын 26-августундагы кир.№6-17831/19) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы.

Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы жашы жете элек баланын жашоо деңгээлин жогорулатуу, анын керектөөлөрүн, укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мыйзам долбоору жашы жете элек баланы багууга жетиштүү алименттердин туруктуу төлөнүшүн камсыз кылуу чаралары каралган, анын негизинде алиментти толук өлчөмдө албаган балдардын үлүшүн кыскартууга мүмкүндүк түзүлөт.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунунбилдирилген концепцияга туура келүүсү:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси;

- “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

  4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар: 

-жок (талап кылынбайт).

  5.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн  экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

  - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2019-жылдын 16-октябрындагы кир.№6-21579/19) тиркелет;

  - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн бөлүмүнүн корутундусу (2019-жылдын 23-октябрындагы кир. № 6-22220/19) тиркелет;

  - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2019-жылдын 28-октябрындагы кир.№6-22710/19) тиркелет;

  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каты (2019-жылдын 10-октябрындагы кир. № 6-21099/19) тиркелет.

  6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар, эгер алар болсо:

  - жок.

7. Эгер өткөрүлгөн болсо, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

  -жок.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардан, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу (2019-жылдын 29-октябрындагы кир.№6-22875/19) тиркелет;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу

9. Комитетин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

- жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бул Мыйзам долбоорунунконцепциясы боюнча төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштары бар:

Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири ата-энелик укугун жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Үй-бөлө кодексинин 71-статьясы менен аныкталган, ал боюнча баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби тууралуу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Үй бөлө кодексинин 120-статьясына ылайык, алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам ошол макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан экиден бир пайыз өлчөмүндө үстөкайып төлөйт. Алимент алуучу, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам алиментти өз учурунда төлөбөй, алименттик милдеттенмени аткаруунун мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам жабылбай калган үстөкайып жагынан келтирилген бардык зыянды күнөөлүү адамдан төлөтүп алууга да укуктуу.

Эгер ата-энелери макулдаша албаса, ата-эненин биринин талашы балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн катышуусу менен сот тарабынан чечилет. Анын күнөөсү менен соттун чечимин аткарбаган ата-эненин бирине Жарандык процесстик кодексте каралган чара колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 16-беренесине ылайык, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарбоо, ага тете эле сотту урматтабоонун кайсы болбосун башка көрүнүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Соттук чечимдерди аткаруунун процесстик тартибине каршы жоруктарга жаза Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 167-беренесинде каралган, ал боюнча Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын белгиленген мөөнөттө аткарбоо II категориядагы коомдук жумуштар же II категориядагы түзөтүү жумуштары, же болбосо II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. Мында жашы жете электердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлө мамилелеринин көнүмүштөрүнө каршы жоруктарга ата-энелердин балдарын багуудан баш тартуусу жана балдардын ата-энелерин багуудан баш тартуусу дагы кирет.

Жогоруда баяндалгандардан улам, колдонуудагы мыйзам менен баладан бөтөн жашаган ата-эненин ата-энелик укугун жүзөгө ашыруу тартиби, ошондой эле алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон жакты карыз пайда болгондо жоопкерчиликке тартуу тартиби жеткиликтүү деңгээлге регламенттешкен жана Кыргыз Республикасынын  Үй-бүлө кодексине мыйзам долбоорунун айрым ченемдерин өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жок.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктуна ылайык, алименттердин минималдык өлчөмү жашоо-тиричилик минимумунан улам аныкталат, ал эми эки же андан ашык балдарга жашоо-тиричилик минимуму эң улуу баланын жаш курагынан улам аныкталат.

“Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жашоо-тиричилик минимуму республика жана аймактар боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан ар  квартал сайын эсептелип турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун өлчөмүн эсептөөнүн методикасына ылайык, калктын негизги социалдык-демографиялык топторуна төмөнкүлөр кирет:

     а) жумушка жарактуу курактагы адамдар;

     б) жумушка жараксыз курактагы адамдар (пенсионерлер);

     в) 18 жашка чейинки балдар.

Жогорудагыларды эске алып, жашоо-тиричилик минимумунан алименттин минималдык өлчөмүн аныктоодо мыйзамды пайдалануу кыйынчылыктарды жаратат, себеби жашоо-тиричилик минимуму дайыма өзгөрүп турат жана жашоо-тиричилик минимумунун өлчөмү 18 жашка чейинки балдар үчүн гана аныкталган. Балдар жаш курак топторуна бөлүштүрүлгөн эмес жана жашоо-тиричилик минимумунун өлчөмү өзүнчө аныкталган эмес.

Жашы жете электерге төлөнүүчү алименттер боюнча карыздардын өлчөмү эмгек акыдан жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон жактын башка кирешесинен улам аныкталат. Аткаруу барагынын негизинде же алиментти төлөө жөнүндөгү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун негизинде алиментти кармап калуу алимент төлөөгө милдеттүү жактын күнөөсү боюнча жүргүзүлбөгөн учурда, алиментти өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 112-статьясынын 2-пункту менен белгиленгендигине карабай үч жылдык мөөнөттүн бардык учуруна жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 118-статьясынын 2-4-пункттары  кирешеси чет өлкөдөн алынган, алимент төлөөгө милдеттүү болгон, чет өлкөдө жашаган жак жөнүндө толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт. Көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык, алимент төлөөгө милдеттүү жактан кармап калуу ал кайсы жакта жашаганына карабай, кирешесинин бардык түрүнөн алуу жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, ыктыяры менен аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт өтүп кеткенден кийин 3 күн ичинде алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө аткаруучу документтер боюнча карызкордун өлкөдөн чыгышына убактылуу чектөө кою жөнүндө токтомун чыгаруу боюнча сот аткаруучуларына укук караган ченемди киргизүүнү сунуштап жатышат.

“Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкор алган күндөн тартып он жумушчу күн деп белгиленет.

Аталган бул ченем алимент төлөөгө милдеттүүнү балким атайлап эмес алиментти төлөбөгөндүгү үчүн өлкөдөн чыгууга кыска мөөнөткө тыюу салууга мүмкүндүк бериле тургандыгын белгилеп кетүү керек. Мисалы, атайлап эмес төлөбөгөнүдүгүнүн себебине төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:

  - төлөөчүнүн иштеген жеринен анын күнөөсү же демилгеси жок бошотулганда;

  - эмгек акыдан же башка кирешесинин алимент эсептелүүчү кирешесинин кечигип жаткандыгынан;

  - алимент төлөөчү жактын же анын материалдык салымын талап кылуучу жакын тууганынын күтүүсүз, же эмгекке жараксыздыкка алып келгидей ооруп калышы (майыптуулук);

  - үчүнчү жактын күнөөсү (карызкордун иштеген жери боюнча бухгалтериянын катасы, каражаттарды которууда банктын кызматкерлеринин катасы ж.б.);

  - төлөөчүдөн көз каранды болбогон, анын негизинде  карыз топтоло берүүчү башка себептер.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 157-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүндө жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет, бул мөөнөткө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ишти соттук териштирүүгө даярдоонун, иш боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү кирерин белгиленген.

Кабыл алган күндөн баштап бир айга чейинки мөөнөттө каралган жана чечилген иштерге төмөнкүлөр кирет: жумушка кайра орноштуруу жөнүндө, алиментти өндүрүү жөнүндө, асырап алуу жөнүндө, көзөмөлчүнү (камкорчуну) дайындоо жөнүндө жана балдарды жатак мекемелерине жиберүү жөнүндө.

Жогоруда баяндалгандардан улам, Кыргыз Републикасынын Үйбүлө кодексинин 71-статьясына сунушталып жаткан ченем  баланын Кыргыз Республикасынын аймагынан  сырткары убактылуу чыгуусунун маселеси боюнча талашты сот тарабынан бир ай ичинде кароону жана чечүүнү карабастыгын белгилейбиз, анын негизинде бул жарандык иш сотко арыз түшкөн күндөн баштап үч айга чейинки мөөнөткө сот тарабынан каралат жана чечилет.  Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 157-беренесинин 2-бөлүгүн,  анда эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш деп көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, баланын Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу чыгуусунун (дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга ж.б.) маселеси боюнча ченем менен толуктоону сунуштайбыз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутунду чыгарды:

 

1. «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндөгү корутундусу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.Т.Мамашева бул мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        Г. С. Молдобекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 135