2019-жылдын 28-октябрындагы «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 2-окуу

04-11-2019 09:53

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин  

2019-жылдын 28-октябрындагы

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 18-сентябрындагы №432 токтому) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3286 -VI токтомун карап чыгып, ушул Мыйзам долбоору «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-статьясынын 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 30-майындагы чечимин ишке ашырууга багытталгандыгын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө депутаттардан  сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине  сунушталсын (тиркелет);

2) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г. С. Молдобековага тапшырылсын;

3) аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышына төмөнкүлөр чакырылсын:

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                       А. С. Токторов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

1-берене

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

46-статьясынын 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 17