2019-жылдын 21-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 1-окуу

23-10-2019 14:32

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 21-октябрындагы

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

   

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2019-жылдын 30-сентябрындагы №509 токтом) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкүнү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 796 134,4 миң сом жана 2021-2022-жылдарга божомол тиешелүүлүгүнө ылайык 60 271 283,1 миң сом жана 65098 199,9 миң сом суммасында түзүлдү. Чыгымдар боюнча бюджет 2020-жылга 57 008 965,8 миң сом жана 2021-2022-жылдарга божомол тиешелүүлүгүнө ылайык 60 676 361,3 миң сом жана 64 324 027,4 миң сом суммасында пландаштырылды.

2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 35 727 654,3 миң сом суммасында белгиленди, же 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 2 583 360,0 миң сомго көбүрөөк же 107,8 % түздү.

Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарды жайгаштыруудан кирешелерден, туумдар менен айыптардан жана башка булактардан кирешелер 156 500,0 миң сом суммасында күтүлүүдө.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 21 911 980,1 миң сом суммасында каралган.

Пенсиялык фонддун кирешелери 2020-жылы 53 043 666,1 миң сом суммасында пландалууда, же 2019-жылдын бекитилген көрсөткүчтөрдөн 2 828 168,1 миӊ сомго көп, же 105,6 % түздү.

Пенсиялык фонддун чыгымдары пенсиялык төлөмдөр, сөөк коюуга жөлөкпул, банктык тейлөө, пенсия жеткирүү, административдик чыгымдар боюнча керектөөлөрдөн улам, 2020-жылы 52 256 497,3 миң сом суммасында аныкталды, же 2019-жылдын бекитилген көрсөткүчтөрдөн 3 507 829,8 миӊ сомго көп же 107,2 % түздү.

Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 829 599,7 миң сом көлөмүндө каражаттар каралууда.

Сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө 2020-жылы 368 460,0 суммасында каражаттар каралууда.

Пенсияларды төлөө жана жеткирүүгө чыгымдар 2020-жылы 294 596,3 миң сомго белгиленүүдө.

Социалдык фондунун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар республика боюнча 14 967,4 миң сомду түзөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2019-жылдын бекитилген көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгашалар 2 388 285,3 миӊ сомду түзөт. 2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 569 655,4 миң сом багыттоо белгиленүүдө.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо Фондуга 2019-жылдын  бекитилген көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгашалар  290 207,6 миӊ сомду түзөт. 2020 жылы каржылоо 315 515,4 миң сомду түзөт.

2020-жылы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрү 1 867 297,5 миң сом суммасында каралууда.

2020-жылы инвестициялоодон кирешелер 2 388 706,2 миң сомду түзөт.

Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөөгө 2020-жылы 400 000,0 миң сом суммасында белгиленүүдө.

2019-жылы  787 168,6 миң сом суммасында бюджеттин профицити белгиленүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2019-жылдын 9-октябрындагы кир.№6-20875/19) жана Адистештирилген түрлөрүнүн экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2019-жылдын 15-октябрындагы кир.№6-21380/19) Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер берилген жок (тиркелет).

Баяндаманын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана биринчи окууда кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору маселе боюнча баяндамачылар болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э. Ирсалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К. Боронбаева, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары Ж.Ч. Осмоналиев дайындалсын.

3. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы комитетине  жиберилсин.

 

 

 

 

  Комитеттин төрагасы                                             Г. С. Молдобекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 17