2019-жылдын 21-октябрындагы «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ 3-окуу

23-10-2019 14:24

 

«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин

2019-жылдын 21-октябрындагы

КОРУТУНДУСУ

 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы №304 токтому менен демилгеленген, 2019-жылдын 25-сентябрында экинчи окууда кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы №3252-VI токтому), «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч класстардын тамактануусун уюштурууну мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында ушул Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан үчүнчү окууга редакциялык мүнөздөгү жазуу жүзүндө сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С. Молдобекова «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» маселе боюнча баяндамачы болуп аныкталсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Бишкек шаарынын мэри чакырылсын.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        Г.С. Молдобекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 15